Парламент спикерлигине Жамиля Исаева татыктуу
Кыргызстанда аялдарды мамлекеттик жогорку кызматка, саясатка көтөрүү басмырланып келет. Гендердик теңчилик, бул багыттагы укук сактоо камсыздалган эмес. Образдуу айтканда, өз көмөчүнө күл тартуу машакаты бар. Анан баягы эле кошоматчылар, коммерсанттар, акчалуулар алдыга озуп чыгууга далалат жасашат.
Биздин баамыбызда, Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева эки жылдан бери өз милдетин татыктуу аткарып келатат. Билими, деңгээли жетиштүү. Орус тилине каршы чыгып, мамлекетибизди уят кылбайт. Ар бир кадамын жети өлчөп, бир кескен кыраакылыгы бар. Эгерде парламент спикерлигине каралса, эң туура тандоо болмок. Ансыз да өкмөт курамында саламаттык сактоо министринен башка аял кадр жок. Шагыраган эле эркектер, же алар кыйратсачы?
Төрайым катары Жамиля Исаева шайланса, буга чейинки майда интригалар, кошомат кылуу сыяктуу көрпендечилик көрүнүштөргө чекит коюлмак. Депутаттар мыйзамда, регламентте жазылган укуктары менен гана иш алып барышмак. А болбосо буга чейин көрдүк го, алар эски адаттарынан чыга алышпай, баардык жыртыктарга мурдуларын тыга беришкенин... Ошондон улам коомчулукта ар кандай талкуулар, чыр-чатактар, ыраатсыз көрүнүштөр жаралууда. Өкмөт мүчөлөрү менен чектен чыга айтышмай, чукулашмай, шоу көрсөтмөй адатка айланып баратат. Анан калса, ырчынын чачына асылган дагы бир дөдөйдү да эстей кетели...
Буга чейин бир канча татыксыз төрагалар келип кетишти. Өлкөбүздү уят кылган, тилинен жаңылган, саясый чыр-чатактарга малынгандарды да билебиз. Качанкыга чейин тамды сүзө беребиз? Натыйжада, бараткан жолубузду оң нукка буруп, кан алмаштыруу, жаңылануу багытын албайлыбы? Ооба, терең талдоого убакыт бар.