Темир Сариев кезексиз президенттик шайлоого даярдана баштадыбы?

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев жигердүү иштеп, өкмөткө караганда кыйла демдүү мүнөз күтүп, өзүн көрсөтүүдө. Бишкектен, аймактардан форумдарга активдүү катышып, чет өлкөлөргө байма-бай каттап, сырткы байланыштарын чыңдап, ишинин майын чыгарууда. Негизи Темике аркалаган соода-өнөр жай палатасынын анчалык деле рычагдары жок. Тек гана коомдук жыйындарды уюштуруу, бизнеске көрк берүү, сөз сүйлөө, инвесторлорду Кыргызстанга карай кызыктыруу менен гана чектелет. А түпкүлүгүндө Темир Сариев эл аралап, упай алып, келечекке карай кам көрүп, президенттик шайлоого даярдана баштаганы байкалат. Депутат, министр, премьер-министр кызматтарын аркалаган соң, кийинки баскыч кандай болорун түшүнөсүңөр да. Соңку убакта чоң саясатчылар аренадан четтеп, бийликтин темир торунан жалтанып калган чакта (Өмүрбек Суваналиевден башкасы), Темир Сариев эртеңки мөрөйдү ойлоп, ага эмитен эле даярдана баштаганы жөн жерден эместир. Же кезексиз президенттик шайлоо өтөбү?..
"Азия Ньюс" гезити