Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясый элита коңулга кирип кетти. Генерал Суваналиев гана ачык ой-пикирин айтууда
Саясый элита коңулга кирип кетти. Генерал Суваналиев гана ачык ой-пикирин айтууда
07-апрель, 19:30

Бийликке сын айткан саясатчы, активисттер Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурушса, айрымдары суракта жүрүшөт. Жалпысынан оппозиция баш көтөрө албай калды. Саясый элитанын мүчөлөрү, белгилүү аксакалдардын баары коңулга кирип кетишкен. “Эми эмне кылабыз? Качан өзгөрүү болот?” деп шыбырашып сүйлөшүп калышканы белгилүү. Мындай шартта генерал Суваналиев башкалардан айырмаланып, маал-маалы менен өлкөдөгү кырдаал боюнча ачык оюн айтып, бийликти сындап, тайманбаган мүнөзүн көрсөтүүдө. Табиятынан адилеттүүлүктү тутунган, намысы бар, жолборс жүрөк саясатчы гана ушундай кадамга барат. Кайсы гана бийлик болбосун, Өмүрбек Суваналиев беттегенинен кайра тартпай, калыстыгы, тажрыйбасы, тазалыгы менен үлгү жаратып келет. Келечек муун дал ушундай инсанга карап түздөнүшү керек. "Азия Ньюс" гезити











