Акыркы кабарлар
» Саясат » Өкмөттү башкарууга Эдил Байсаловдун канчалык шансы бар?
Өкмөттү башкарууга Эдил Байсаловдун канчалык шансы бар?
01-апрель, 12:00
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун убадалары, жомоктору кайталана берип, элди тажата баштаганы кашкайып калды. ККМ, айдоочуларга карата айып пулдар, энергетика тарифин көтөрүү ж.б. “жондон кайыш тилмей” эзүүсү көпчүлүктүн көкөйүнө көк таштай тийүүдө. Жакырчылык жөө тумандай басып, кымбатчылык кекиртектен муунтуп турган чагы. Айтор, акыбал чатак! Мындай шартта өкмөттү жасалма түрдө кармоо акылга сыйбай, ашып кетсе май, июнь айларына чейин чыдашса, андан кийин жолго салат шекилиндей. Ошентип, жаңы премьер-министрдин дайындалышы болжонууда. Акылбек Жапаровдун энергиясы, иштөө ресурстары деле калбай калдыбы? Азырынча караңгыдан шам чыракты ким көтөрүп чыгары белгисиз. Образдуу элестетсек, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү туңгуюкка келип такалууда. Саздан ким сууруп чыгат? Алыстан талапкер издебей эле Эдил Байсаловдун билимин, эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасын пайдаланып көрсөк кандай? Эки жылдан бери вице-премьер-министр катары такшалып, көп нерсеге көзү жетип турган чагы. Мамлекеттик деңгээлдеги ой жүгүртүүсү, кризис-менеджер катары тапкычтыгы, саясый сабаттуулугу, акылгөйлүгү менен көптөрдөн жогору турат. Эң башкысы, өкмөттүн ишин жогорку деңгээлде уюштура алары айкын. Профессионал кадрларды тармактарга жараша туура пайдаланса эле азыркы каатчылыктан чыгып кетебиз. Кыскасы, Эдил Байсаловду өкмөт башчы кылууга бир гана саясый эрк керек...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити