Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат ажы Токтомушев муфтийликтен, шайлоодон баш тартпаса, арты чатак...

Максат ажы Токтомушев муфтийликтен, шайлоодон баш тартпаса, арты чатак...

05-июнь, 11:45
1 932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Светтик өлкөдө молдолордун ишмердиктерине чектөө болушу – мыйзамдын талабы. Тилекке каршы, бизде диний аалымдар саясатка аралашып, карапайым элди туңгуюкка ээрчитип бараткандай сезилет. Маселен, Максат ажы Токтомушевге муфтияттагы оңго-солго “солонгон” миллиондор изи менен иш козголбоду беле? Анысын унутуп коюп, Фейсбукта, Ютубда өзүн пиар кылып, диний үгүттөрүн күчөткөн кербези. Мечиттен айткан “аалымдыгы” интернет айдыңын толук кандуу ээледи. Ооба, артында миңдеген күйөрмандары бар. Мындай көрүнүштө ал диний сабаттуулукту үйрөтсө бир жөн, тилекке каршы, фанаттары аркылуу кайра муфтий болорун жаздырып, керек болсо күздөгү парламенттик шайлоого катышууга кириштиби? Олуттуу суроо жаралууда. Натыйжада, Максат ажынын муфтийликти кыялданууга моралдык укугу жок. Ал жактан чыр-чатак менен кетти. Эгерде кимдир бирөөнү сүрөсө да жарашпайт. Андыктан, тек гана молдолук кесибин аркалап, тынч жүрсө... 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер