Акыркы кабарлар
» Саясат » Чуулганы басылбаган Ноокат РИИБ начальниги Талгат Өскөналиев кайрадан талкууда
Чуулганы басылбаган Ноокат РИИБ начальниги Талгат Өскөналиев кайрадан талкууда
10-март, 09:00

Ноокат РИИБ начальниги Талгат Өскөналиев өздүк курамы менен батышпай, тил табышмак турсун муш көрсөтүп, кыйла кризистик абалга кириптер кылды. Ага каршы кызматкерлери ачык арызданууга өтүштү. “Министрдин жердешимин” деп мактанып, сөз тийгизбей, милдетин так аткарбайт беле? Айтор, бул бала алыс узабай калды окшойт...
Эмесе, артка кылчайсак, Талгат Өскөналиев Ленин РИИБнин орун басары кезинде “Тюбетейка” кафесинен “кычкыл сууга” тоюп алып, ИИМдин ички иликтөө кызматкерлерине кармалып, анда да тополоң салып, мушташып, аягында качып кеткен. Натыйжада, ооруканага жатып, кыңыр ишинен буйтап, ортого аксакалдарды салуу менен сакталып калган эле. Бул окуясы ЖМКларга чыккан.
Ал эми 2017-жылы ГУУРда бөлүм башчы кезинде Алибек Байтиков экөө 250 куту гашишти кармап, көз кызартышып, натыйжада чоң суммадагы акча алуу менен коё берип жиберишкенби? Катуу дуулдаган. Көп өтпөй ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров кызматтан алган болчу. “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Улам бир чуулганга кабылып, арты тынчыбаган Талгат Өскөналиев суудан кургак чыгып, карьералык жүрүш жасай берет экен. Ишенген тоосу чоң го, ошон үчүн кутуруп атат да. Эгерде акыйкат баа берилгенде эчак эле жазасын алып, шүк жүрүп калмак эй!"Азия Ньюс" гезити