Акыркы кабарлар
» Коом » Муфтият быйылкы садага-битирдин өлчөмүн, тартибин бекитти
Муфтият быйылкы садага-битирдин өлчөмүн, тартибин бекитти
28-март, 12:16

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) орозону утурлай быйылкы зекеттин көлөмүн бекитти. Анда “баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-битир берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай (56 сом), ун (80 сом), мейиз (717 сом) же 3 килограмм 200 грамм арпа (103 сом), курма (596 сом) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз” деп жазылган. КМДБ тараткан маалыматта азыктардын баасы орточо эсептелген.
Муфтият битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры экенин, бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел экенин билдирет. Ошондой эле алтын менен күмүштүн баасынан чыгарып берсе болору айтылган. Андан сырткары, малдан берилчү зекет тууралуу түшүндүрмө берилген.