Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик гумандуулук кылып, Бекболот Талгарбековду абактан чыгарабы?

Бийлик гумандуулук кылып, Бекболот Талгарбековду абактан чыгарабы?

09-май, 14:54
1 693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Саясатта көкүтүп, жарга түрткөндөр боло келген. Анан ортодон “курмандыктар” чалынат эмеспи. Бул боюнча журналист Нургазы Анаркулов түрмөдөн кыйытып жазды го? Адашып, жаза басканына өкүнүп... (Кесиптешибиздин эркиндикке чыгып кеткени олжо болду). 

     Анын сыңарындай, учурда мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков да камакта отурат. “75чилердин” сунуш каты боюнча... Аксакалыбыз 71 жашта, абакка чейин эки жолу операцияны баштан кечирген. Бул курактагы адамдын ден соолугун айтпасак да түшүнүктүү. Балким, Бекболот агабыз деле кайгырып жаткандыр... Бийлик гумандуулук кылып, түрмөдөн чыгарып койсо болобу? 

     “Медалдын экинчи бети бар” дегендей, ошол эле кылмыш иштин алкагында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев жана Курманкул Зулушев сурак беришип, үй камагында отурушат. Буларга караганда Бекболот Талгарбеков кооптуу эмес да, туурабы?

     “Жаңылышпас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” дейт. Мындайда айкөлдүк, кечиримдүүлүк жасалса, элибиз деле туура түшүнсө керек. Жалган дүйнөдө баары өтөт, кетет. Жакшы иш гана айтылып кала бермекчи... 

     Түрмөгө жыландын да баласы жатпасын...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер