Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алыстагы Атамбаев коомчулукка талкуу жаратканда

Алыстагы Атамбаев коомчулукка талкуу жаратканда

14-ноябрь, 22:09
1 137 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бийликтин кайым айтышуусу көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Суук келип, энергетикада кризис жаралып калган чактагы абалды алсак, бул тема элдин көңүл чордонуна айланууда. Биз эки тараптын алым-сабагын кайталап, доомат артышууларды кайталабай эле коёлу. Ансыз деле элибиз баарын көрүп-билип, баа берип атса керек. Сыртта XXI кылым, маалымат баарына тең, тегиз тарап аткан убак. 

Ириде маселенин башка өңүтүнөн карасак болот. Энергетика министри Таалайбек Ибраев президент Садыр Жапаровдон тил угуп, милдетин так аткара албай мүчүлүштүктөрдү кетиргени ачыкталды. Карапайым калкка свет, жылуулук тартыш болуп атканда, баардык катмарга бирдей кароо маанилүү. Буюрса бул маселе чечилди окшойт. Элибизди бөлүп-жарбай жарык менен тегиз камсыз кылуу буйругу президент тарабынан берилгени ынандырды. Бирок Таалайбек Ибраевдин сөзү дайыма эки ача чыгып, коомчулукта талкууга “жем” таштап келет. Кышта эл кыйналса министр “садагага” чабылышы ыктымал. Ансыз да эскертүү алып, араң отурса керек. 

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин жайына келсек, ал бийликке саясый оппонент, башкы оппозиционер катары чыгабы? Ыңгайдан пайдаланып, мезгили келгенде талуу маселенин очогунан кеп ыргытып, соцтармакта пикирин билдиргени жөн жерден эместир. Азыр Кыргызстанда бийликке карата олуттуу, ачуу сындарды айткан саясатчылар, журналисттер жокко эсе. “Унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур” деген таризде тек жүрүшөт. Мындай шартта эрөөлгө чыкчу саясый талаа бош. Ыңгайдан пайдаланып, Атамбаев упай алуу үчүн каршылык көрсөтүүгө бел байладыбы? Кыялында реванш алуу барбы? Жакындагы билдирүүсү менен биринчи кадамын таштагандай болду. Көпчүлүктүн бүйүрү кызып, андан аркысын аңырая күтүшүүдө. Бул арада бийлик да сокку уруп, күрөш күүсүн баштап койду. Эми мындан аркысы эмне болот? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер