Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: “Соттордун мындай мазактоосун өмүрүмдө көргөн эмесмин”

-- Азиза эже, “кемпирабадчылардын” соту кандай болууда?
-- Кемпир-Абад иши баягы эле “бир орунда топчимся” болуп атабыз. Эки айдан бери убактылуу кармоочу жайдагы 11 адамды сот залына алып келишпейт. Алар жок сот башталбайт. Кайра эле “келген жок” деп коёт. Негизи аларды апкелүү судьянын милдети да. Ушул сыяктуу эле бир түшүнүксүз жагдайлар болуп атат. Бул көрүнүштү бүгүнкү күндөгү сот системасынын абалы катары түшүнөбүз. Абактагы кармалып жаткандардын баш коргоо чарасы 4-декабрда бүтүп, эми 29-январга чейин узартып коюшту, аны соттордун мазактоосу катары кабылдасак болот. “Камалгандар, колуңардан эмне келет?!” дегендей мамиле кылып атышат.
-- Таңгала турган жагдай экен...
-- Эмне деген соттук териштирүү, эмне деген саясат жүрүп жатат? Ушунча жылдык укук коргоочулук тажрыйбамда, өмүрүмдө мындай көрүнүш болгон эмес эле.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити