Касым-Жомарт Токаев ааламдык алкакта ой жүгүрткөн президент


Борбор Азиядагы кубаттуу, туруктуу өлкө катары Казакстандын экономкасы өскөнү, ири инвестицияларды тартканы менен өзгөчөлөнүп баратат. Албетте, ар тарабынан өнүгүүнүн үстүндө экенине баам салуудабыз.
Соңку убакта казактар дүйнө жылдыздары менен өлкөсүн даңазалашып, Женнифер Лопести, Жеки Чанды, “Реал Мадрид” клубун чакырышып, өзгөчө шоуларды жасай алышты. Миллиондогон адамдардын назарлары бурулду. Бул салттуу ыкма дагы уланарын жар салышууда. Албетте, туризмди өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзүшүп, жер шарынын чар тарабына коңгуроо кагышты.
Аныгында, кыргыздардын Ысык-Көлүндөй, Ала-Тоо койнундагы кооздуктар, керемет жерлер казактарда болбосо да, чектелүү жетишкен табигаты, шаарларынын салынганы менен аракеттерин көрүшүүдө. “Медалдын экинчи бети бар” дегендей, калыс караганда, боордоштордон үлгү ала турган да жайыбызды айталы. Өзгөчө бизнес чөйрөсүн өркүндөтүү, шарт түзүү, инвестиция тартуу жагынан алар алдыда баратышат. Эң оболу, казактын рухун, улуттук баалуулуктарын, идеологиясын алгалатып, патриоттук багыттарын көтөрүп алышты. Учкайлата мисалга алганда ушундай. Негизи эле президент Касым-Жомарт Токаев кеменгер, ааламдык алкакта ой жүгүрткөн, даңазалуу жолбашчы экен.
"Азия Ньюс" гезити










