Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадамжайдан чыккан ырчы Абдимомун Досберди уулу унутулуп баратат

Кадамжайдан чыккан ырчы Абдимомун Досберди уулу унутулуп баратат

18-июль, 22:01
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунун кире беришиндеги жалпы аянты Өзбекстандын Фергана облусуна тең келген, калкынын саны 210 миңден ашкан Кадамжай району башка аймактардай эле ислам динине жакын, араб динчилдери алгачкылардан болуп келишкен, мусулманчылыкты жайылтышкан ыйык жерлери көп чөлкөм. Райондун аталышы да жетинчи кылымда Мухаммад пайгамбардын күйөө баласы жана шакирти Азирети Алинин жергебизге келиши менен тыгыз байланышта. Анын келиши менен чөлдөгү отурукташкан жана тоо арасындагы көчмөн калктар ислам динине берилишип, өтө башташат. Азыркы Кадамжай шаарынын батышындагы эски көрүстөндүн, Жарматтин дарбазасы деген кууш капчыгайдын башталышында азиз, ыйык жер бар. Көптөгөн мусулмандар кошуна өлкөлөрдөн бери келип сыйынышат. Ошол жерде айтылуу Шаймерден суусунун жээгиндеги ташта Азирети Алинин намаз окуган учурда астындагы таш көлкүлдөп эрип тизесинин жана таманынан изи оюлуп түшүп калганы даана көрүнүп, зыярат кылчу жайга айланган. Ошондон улам райондун аты Кадам-Жай же азиретинин кадам изи түшкөн жайы катары аталып калган. Советтик мезгилде буга анчейин маани берилген эмес эле. Эми эгемендүүлүктүн шарапаты менен мусулмандар сыйынышкан, жаш жубайлар зыяраттап урматташкан касиеттүү жерге айланып калды. Ал эми Азирети Алинин сөөгү Шаймердендеги Хамзанын мавзолейинин жанына коюлганы айтылат. Ага чубашкан зыяратчылар да толтура. Мындай азиз Дөөт пирим, Шаймерден, Шаматалы, Жигит пирим, Бүбү-Зейнеп, Гөзөл-Ата, Кудай-Назар дегендей ыйык жерлер районубузда толтура. Аларга азыр деле аялдар, карыялар барып, өздөрүнө перзент тилешет, тынчтык, бакубатчылык болушун каалашат. 

 Биздин жергебиз кошуна Өзбекстан менен Тажикстанга ирегелеш, колтукташ болгондуктан ислам дини гана эмес, байыркы илим-билимдин, Чыгыш маданиятынын таасири да күчтүү болгон. Эмесе белгилүү бир жазгыч акын тууралуу айта кетейин. Кадамжайдан мен билгенден XIX кылымда Молдо Нияз Эрназар уулу, Туяк ырчы, Абдимомун ырчы, Анарбай апыз, Абдырахман ырчы жана башка залкарлар чыгышкан. Бул биз билгендери гана. Билбегендерибиз мындан бир нече эсе көп болсо керек. Молдо Нияз менен Туяк ырчынын мааракелери белгиленип, китептери, фильмдери, макалалар чыгарылып, илимий конференциялар жетиштүү эле өткөрүлдү. Аларды уюштургандарга чоң рахмат! Мен алардын арасынан салмагы көп болсо да унутулуп бара жаткан Абдимомун ырчы Досберди уулу туурасында сөз кылууну чечтим. 

 Абдимомун ырчы болжол менен 1826-жылы туулуп, 1912-жылы каза болгон экен. Ал азыркы Кадамжайда гана эмес, Чоң-Алай, Ноокат, Баткен жана Өзбекстандын, Тажикстандын чек аралаш райондорундагы кыргыз айылдарына чейин барып, жашоо-турмуш, ислам дини, аруулук, келечек заман, жаштарга таалим-тарбия берүү жөнүндө той-топурларда куюлуштуруп ырдап, элдин назарына айланыптыр. Өз убагында араб, чагатай, фарсы, кыргыз, өзбек тилдерин билип, ырларын кагазга түшүргөн экен. Кезегинде Кокон хандыгын кулаткан Полот ханды да даражасын, баатырдыгын жогору баалап алкышын алган дешет. Адатта ырчылар менен айтышканда аларды сөзгө жыгып, баалуу белектерди жеңип алып жүрүптүр. Бирок, 1912-жылы Чоң-Алайга барып, бир аял ырчы менен айтышып, бир аз олдоксонураак төгүп, акаарат келтирип койгондонбу, айтор, намыстана түшкөн тоолуктар артынан кубалап келишип, Эки Дабан деген жерде өлтүрүп, жансыз денесин тоолор аркылуу кичи мекени Охна кыштагына жөнөтүшүптүр. Инилери сөөктү койдун жүнү толтурулган капка салышып, Теке-Секирик тараптагы кичи мекенине алып келишип, акыркы сапарга узатышкан экен. Өтө өкүнүчтүү тагдыр. 

Абдимомун Досберди уулунун ырларын терең казып изилдеп отуруп, өзүнүн кичи мекени тууралуу мындай саптарды жазып калтырганын таптым:

Күлдү деген жерим бар,

Күлүктү минген элим бар.

Катыраң деген жерим бар,

Карчыга салган элим бар.

Жоокесек-бостон талаасы,

Ачылган гүлдүн лаласы...

Күлдү деген жерим бар,

Күрүчтөп ашын жеп жатат.

Кудайга шүгүр деп жатат.

Айрыбаз деген жерим бар,

Ак буудай нанын жеп жатат...

Мында “лаласы” деген сөз талаада, адырларда жайнаган кызгалдактарды түшүндүрөт. (“Эл адабияты” сериясы, 37-том).

Ал эми биринчи башчы, аксакал Абдыкадыр Орозбековдун жардамчысы, жазуучу Айткулу Убукеев “Аксакал” повестин Абдимомун ырчынын төмөнкүдөй саптары менен баштаган:

Катыраң деген жерим бар,

Карчыга салган элим бар.

Катыраң тоонун койнунда,

Катылуу канча кеним бар.

(А.Убукеев “Аксакал” Фрунзе 1985-жыл, 8-бет).

Башка саптарында да өз жеринин келечегин көрө билиптир:

Чыгышында сурмасы,

Батышында сымабы.

Түндүгүдө коргошун,

Түштүгүдө алтыны...

Өзүнө жамаатташ бир топ ырчылар менен айтышып, кичи мекенинин мекенчил, даанышман инсаны болуп жүрүптүр. Мисалы, айтылуу Сыдык ырчыга мындай айткан экен:

Күлдү деген жеримдин

Күңгөйүндө күмүш бар.

Күрпүлдөгөн элимдин.

Адырында алтын бар.

Тескейинде таңга бар,

Тунган байлык элде бар...

Албетте, Курбанали Пахиров, Абдилазиз Көчкөнов деген Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы гуманитардык институтунун окутуучулары жана мекенчил инсан, санжырачы Асланбек Макамбаев жазышкан макалаларды, китептерди эске албаганда, Абдимомун Досберди уулу тууралуу дээрлик маалыматтар жок. Адатта залкар инсандар менен ырчылардын, баатырлардын урпактары, жердештери, уруулаштары анын тагдырына кызыгышпаса, аста секин аты да, кылган эмгеги да унутулуп, тарыхтан өчүп кете берет тура. Буга акындын урпактары, айылдаштары, КР улуттук илимдер академиясынын тийиштүү институттары жана Кадамжай райондук элге билим берүү, маданият бөлүмдөрү кызыгып коюшса оң болор эле. Эгерде ал Өзбекстанда жашаганда, эбак китептери чыгарылып, окуу программаларына киргизилип, илимий иликтөөлөр жүргүзүлүп турмак эле. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер