Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Убагы келгенде Соке менен эсептешип алам” деп Бабанов кекенип атабы?

“Убагы келгенде Соке менен эсептешип алам” деп Бабанов кекенип атабы?

20-декабрь, 22:09
853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, миң кубулуп жүргөн Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткендей түр жаратты эй! “Республика” партиясына жакын адамы Мирлан Жээнчороевди лидер кылды. Буга ишенип болобуЧындап бизнеске кетсе, артына кылчайбай турган болсо, саясаттагы жолун “ликвидировать” этип кетмек да, туурабыЭмне, коомчулукту келесоо ойлойбу?.. 

Ооба, Бабановго суроолор көп. Эске салсак, убагында Айдарды, Майрамды жана Аскар Акаевди баш кылып, алдап кеткени жалганбы? Кийин Максимди, Курманбек Бакиевди пайдаланып, бизнесин өркүндөтүп, вице-премьер-министрге чейин көтөрүлүп, анан саясаттан кеткенин божурап, бирок, көп өтпөй 2010-жылдагы 7-апрелден соң “Республика” партиясын түзө калып, Роза Отунбаеваны, Алмазбек Атамбаевди да “кулакка тепкени” калппы? Андагы жаңы бийликке да оту менен кирип, күлү менен чыгып атып, партиясын Жогорку Кеңешке өткөзөт да, өзү премьер-министрлик кызматка келет. Күлүк аргымакты суктана ала коюп, ал чырдын кесепетинен кызматынан да, саясаттан да кетет. “Мен бармын, жокмун, Тулатмын” деген образдагыдай болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоого “Республика – Ата Журт” бириккен партиясынын байрагында жеңишке жетишет. Анан 2017-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп калып, ошондон бери аргасы кетип, эки жылдан бери бийликтин башын айландырып бүтпөй койдубу? 

Негизи Бабанов менен кызматташып, мамиле кылгандар анын кандай адам экенин эң жакшы билишет. Ал максатына жетүү үчүн акчасын да, башкасын да аябайт. Актер эмеспи? Эл астында Сооронбай Жээнбековду мактап, ыраазычылык билдирип атат. А тымызын оюндарды жүргүзгөн жагынан чеберлигин унуттукпу? “Мен жашмын. Убагы келгенде Соке менен эсептешип алам! Азыр сакталып калышым керек” деп кекенип атканы аныкпы? Майдачылдыгы, кекчилдиги калбайт экен го? Буга ишенген бийлик баеолук кылып аткандай...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер