Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Нурбаевдин айыбы ачылды, Жаныкулов фактылардын негизинде маселе көтөрдү

Депутат Нурбаевдин айыбы ачылды, Жаныкулов фактылардын негизинде маселе көтөрдү

29-апрель, 04:43
2 225 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндө 300 гектар жер, Чек-Абад, Нур-Абад айылдарынан 300-400 гектар тилке, баардыгы Араванда 1000 гектар жер чет элдик жаранга ижарага берилген. Арендага алган инвесторду Жогорку Кеңештин депутаты Жалалидин Нурбаев алып келген. Бирок келишимдери туура эмес түзүлгөн, аренда акысын төлөгөн эмес, макулдашылган соцпакеттерди аткарган эмес, иши кылып көп мыйзам бузуулар катталганы анык.

 Депутаттын туугандары айыл өкмөтүн ээлеп алышкандыгы аныкталган. Айылдын эли Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдиновго жер көйгөйү боюнча кайрылышкан, анын тапшырмасы боюнча орун басары Данияр Жаныкулов маселени жеринде териштирип, көп мыйзам бузуулар болгондугун тастыктаган. Эми ошол туура эмес иштерге мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатса, Жогорку Кеңештин сабатсыз депутаттары өз коллегасын коргошуп, чуу көтөрүшүп, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын “Бир бала”, “Блогер”, “Ютуб жылдызы” деп шылдыңдашып, комиссия түзүшмөй болушту. 

Ош облусунун аткаруу бийлиги өз ишин иштеп жатышса, Жогорку Кеңештин өзүнүн ордун, ыйгарым укуктарын жакшы билбеген сабатсыз депутаттары облустун ишине кийлигишип, дарбып жатышат. Ар бир айылда болгон ушундай иштерге мындан ары Жогорку Кеңеш кийлигишмей болдубу? Булардын башка кылар иши жокпу? Данияр Жаныкулов фактыларды келтирип, аргументтер менен айтып жатса, Жогорку Кеңештин депутаттары “Жалалидин Нурбаевди каралап жатат, айыптап жатат” деп айтпаган сөздү айтты деп жалаа жаап, күнөөнүн баардыгын аткаруу бийлигине оодарып, “облустарды жоюш керек” деп административдик “реформаны” да жасап жиберишти. Оозу менен орок оргон депутаттар аткаруу бийлигинин ишине кийлигишкенди коюп, өз иштерин жакшылап жолго коюш үчүн сабаттарын жоюп алышса болмок. Алардын бул кылганы “эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур” дегенге окшошуп калды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер