Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Турмушка чыккым келчү эмес". Индиялык кыз үлпөт тоюн жалгыз өткөрдү

"Турмушка чыккым келчү эмес". Индиялык кыз үлпөт тоюн жалгыз өткөрдү

06-июнь, 12:15
536 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индиянын Гуджарат штатынын Вадодара шаарынын жашоочусу үлпөт тойду жалгыз өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Кшама Бинду аттуу кыз үлпөт той өтүүчү жайды жана датасын өзү белгилеген. Ал түгөйлөр баш кошкондо аткарылуучу бардык ырым-жырымдарды каада-салтка ылайык аткарган.

Бул Гуджарат штатында өзүнө-өзү турмушка чыккан алгачкы учур болуп калды. Кыздын айтымында, анын мындай чечими өзүнө болгон сүйүүнүн символу. Ошондой эле ал өзүнө-өзү баш кошуу (сологамия) тууралуу интернеттен көп окуганын, бирок Индиядан мындай учурду таба албаганын айткан.

"Мен такыр турмушка чыккым келчү эмес. Бирок мен келин болгум келди, ошон үчүн өзүмө турмушка чыгууну чечтим. Балким, мен биздин өлкөдөгү өзүнө болгон сүйүүнү даңктай алган алгачкы адам болом.

Бул үлпөт мен үчүн өзүмдү кабыл алуу актысы. Адамдар жакшы көргөн түгөйү менен баш кошот. Мен өзүмдү чексиз сүйгөндүктөн бул үлпөттү уюштурдум", - деген ал.

Маалыматта кыздын ата-энеси анын чечимин колдогонун жана 2 аптага Гоага бал айына барары айтылат.

Булак Супер кж
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер