Акыркы кабарлар
» Саясат » Сергей Лавров Кытайга эмнеге барды?
Сергей Лавров Кытайга эмнеге барды?
30-март, 11:54


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кытайга барды. Бул тууралуу 30-мартта ведомствонун расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Сергей Лавров Кытайдын Тунси шаарына келди, анда эртең Ооганстандын коңшулары форматында тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт. Бүгүн бул күн чет элдик кесиптештер менен эки тараптуу жолугушууларга арналат» деп жазды Захарова.
Эске салсак, буга чейин Лавров орус бийликтери президент Владимир Путиндин достошпогон өлкөлөргө жооп кайтаруу виза чаралары боюнча жарлыгынын долбоорун иштеп чыгып жатканын билдирген. Ал кандай аракеттер тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок, бирок алар «мыйзамсыз санкциялар жана россиялык жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын басмырлаган чечимдер» колдонулган учурда киргизилерин баса белгиледи.










