Нурлан Мотуев: «Көлбаев тирүү кезинде жалгыз каршы чыккан мен болгом»

-- Нурлан мырза, акыркы мезгилде социалдык тармактарда өнбөгөн карыздарды өндүрүп жаткан видеолоруңуз көбөйдү. Мындай ишке катуу киришкениңизге эмне себеп болду?
-- Жалпылап айтканда, мен кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө кычаштык кылып эле мошенниктердин, элди алдаган аферисттердин бетин ачып атам. Камчы Көлбаев тирүү кезинде мошенник менен аферисттерди “кылмыш дүйнөсүнүн элитасы” деп эсептечү. Себеби, 100 миңби, миллионбу, айырмасы жок, элди алдагандардын каражатынын 30-40 пайызы анын капчыгына түз эле түшчү экен. Кыпкызыл акча өзү эле капчыгына түшүп жатса, мошенник, аферисттер Көлбаевге элита болбогондо кимге элита болмок эле?! Көлбаевдин тамыры кыркылды. Ал үчүн бийликке чоң рахмат!
Көлбаев тирүү кезинде эң биринчи жалгыз каршы чыккан мен болгом. Андан калган аферист, мошенник мураскерлери туу туткан элитасына каршы күрөшүмдү улантып, элге өнбөгөн карыздарынын өнүшүнө жардам берип, элди алдап, акчасын бербей жүргөндөрдүн абийирин ачып жатам.
-- Канча кишинин карызын өндүрүп бердиңиз?
-- Акыркы беш айда 70 миллион сомго чукул каражат өндүрүп бердим, б.а., 19-20дай кишинин карызы өндү. Акчалай бергени акчалай берди, акчалай бербегени имарат, машине менен кайтарып, алган каражатынын ордун тургузуп беришти.
-- “Карызыңды бер, уятың жок экен! Мынча жылдан бери алганыңды кайтарбай жатыпсың” деген видеолоруңузду сизге каршы колдонуп, “аброюма шек келтирди, сотко берем” деп коркуткандар болгон жокпу?
-- Мени сотко бермек тургай, алар өздөрү соттолуп кетпегенине ыраазы болушсун. Ири суммага элди алдагандар мени сотко бермек турсун, “камалып калбайлы” деп өздөрү соттон, укук коргоо органдарынан качып жүрүшөт.
-- Эмнеге ири суммадагы карыз бергендер укук коргоо органдарына эмес, сизге кайрылып жатышат? Сиздин видеолоруңуз укук коргоо органдарынан дагы эффективдүү болуп жатабы?
-- Менин видеолорум укук коргоо органдарынан дагы эффективдүү болгон жок. Болгону менин катталуучуларым көп. Бир эле видеом заматта Фейсбук, Инстаграм, Тик-Токко чыгып, элдин акчасын алып, өзүн кыйла кыйын сезгендердин тууган-уругуна чейин жетип, шермендесин чыгарып жатат. Ошон үчүн “видеону өчүрсүн, карызыңды кайтарып берем” деп жалдырашууда.
Атамбаевдин убагында Текебаев “гуманизация” деп демилге көтөрүп, жыйынтыгында бүт мыйзамдар жумшарып, кодекстер өзгөрүп кеткен. Анын айынан мошенник, аферисттерге Кыргызстан бейиш болуп калган. 20 миллионду жесе деле “граждандык иш” деп айланып жүрө берет экен. Андай аферисттерден катардагы көп жарандарыбыз жабыркап, жаман ойлобогон баёо элибиз шылуундардан зыян тартып жатышат.
Текебаев демилгелеген, Атамбаев колдоп, Сооронбай Жээнбековдун тушунда ишке ашкан кодекстердин кесепетин эл тартууда. Тагыраагы, гуманизацияланып, жумшарган кодекстерге элге жай таасир бере турган миналар коюлган. Эл азыр ошол миналардын азабын тартууда.
Эсимде, мени менен колония поселениеде 10 миң сомдук сотканы “сүйлөшүп эле берем” деп алып, качып кеткени үчүн жаш жигит беш жыл отурган. Ал мезгилде мыйзамдар катуу болчу. Анан эле “гуманизация” деп кодекстерди өзгөртүп, кылмыштуулуктун гүлдөшүнө жол ачышты. Азыр 10 миң сомдук сотка эмес, миллиондорду жегендер да камалбай эле жүрөт.
-- Бирок, ошол гуманизациянын жардамы менен көп адамдар эркиндикке чыгышты го?
-- Чыгышты. Бир гана гуманизациянын жардамын Садыр Жапаров экөөбүз көргөн жокпуз. Бирок, кылмышкерлердин көбү эркиндикке чыкканы чын.
-- Эгер 70 миллион сомдук карызды өндүргөнүңүз чын болсо, УКМКдай эле иштеп аткан турбайсызбы?
-- Мен Камчыбек Ташиевди кумир тутам. Менин ар бир аракетимди УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мырзага коомдук жардамым деп эсептейм. Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин коррупционерлер менен күрөшкөн “каралардын” мизин майтаруу аракетин колдойм. Башында мен да Кумтөргө каршы болуп, булар менен идеялаш болгом. Ошон үчүн ар бир аракетимди аларга болгон жардамым деп түшүнөм. Мен да мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче алданган адамдардын карызын өндүрүп берип, кайрылгандардын маселесин чечкенге көмөктөшөм.
-- Сыр болбосо, бир жолку видеоңуздун баасы канча болот?
-- Видеонун баасы коммерциялык сыр. Ошон үчүн ачык айтпайм. Менин ар бир аракетим мыйзамдаштырылган. “Моту баатыр” укук коргоо фондунун атынан иштеп жатам. Мен да эл катары мамлекетке салык төлөйм.
-- Кирешеңизди Фейсбук, Инстаграм аркылуу эле таап жатасыз да ээ?
-- Ооба, Инстаграм, Фейсбук, Тик-Ток, ютубдагы видеолор аркылуу таап жатам. Ар бир видеону көргөн сайын мага төлөнө турган кылып койгом.
-- Карыздарды өндүргөнгө киришип кетип, ырдаганга убактыңыз жетпей калдыбы?
-- Мен атайын деле ырдабайм. Өзүм ырахат алуу үчүн ырдачумун. Ийгиликтүү адам өзүнүн алган ырахатына жараша иш кылат. Эч качан бирөөнүн жетегинде, айдоосунда жүрбөйт. Мен ошон үчүн ырдагым келсе ырдап, бийлегим келсе бийлеп коём.
"Азия Ньюс" гезити