Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Нурбек Абдиев экс-министр Кашкар Жунушалиевдей качып кетпейт!

Генерал Нурбек Абдиев экс-министр Кашкар Жунушалиевдей качып кетпейт!

14-декабрь, 20:46
2 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Милицияда оперликтен ИИМдин орун басарлыгына чейин өз мээнети менен жеткендер өтө сейрек. Мисалы, Нурбек Абдиев карандай эмгеги аркылуу ушул даражага өсүп жетти. Ал эми башка үзөңгүлөштөрү тааныш-билиштерге, абаларга таянуу менен талпынышып, эптеп кармалып турушса керек. 

Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Нурбек Абдиев ГУУРду жетектеп, коомчулукка тааныла түшкөн. Чуулгандуу Кой-Таш окуясын алдын алуу, атайын операцияларды жүргүзүү жагынан камчы салдырган эмес. Жашыруун маалыматтарга карк. Өз ишин, милдетин так аткарганы үчүн 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин ИИМдин орун басарлыгына дайындалып, көп өтпөй генерал-майор наамын алган. Төрт жылдан бери коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жагын көзөмөлдөп, өлкөдөгү туруктуулукка салым кошуп келатат. Өздүк курамдын ичинде кадыры бийик, ошондой эле бир топ бычакка сап балдарды өстүрүп, тамырын жайып, күчтүү команда топтой алды. Баардык облустарда, дээрлик кызматтарда Нурбек Такабаевичтин кечээги оперлери таасирдүү жетекчилерге айланышты. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып”, ынтымактуу багытта мамлекетке кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүшүүдө. 

Аныгында, генерал каарманыбыз ИИМдин башка орун басарларынан кыйла жогору турат. Ичкиликтен алыс. Ал тапшырманы так аткарганы, милицияга берилип кызмат кылганы, укук коргоодогу профессионалдуулугу менен өзгөчө. Алкоого татыйт. Ток этерине келсек, Нурбек Абдиев экс-министр Кашкар Жунушалиевге окшоп, бирдеме болсо качып кетпейт. Аягына чейин мыйзам тарабында салгылашып турары шексиз. Духу да чыңалып баратат...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер