Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Жапаров акыйкатчы менен жолугушту
Акылбек Жапаров акыйкатчы менен жолугушту
09-март, 11:52

![]()
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров омбудсмен болуп жаңы шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайты жазды.
Жапаров акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракетинин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөп, мамлекеттик кызматкерлерге арызданган жарандардын дооматын кароочу институт экенин белгиледи. Жапаров жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял кишинин шайланганын белгилеп, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишеним артарын билдирди.










