Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев көпкө узабайбы?


Кызык эле. Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев арзыбаган иштери менен пиарщикке айланганын кандайча түшүнөбүз? Жандоочторду коштотуп алып, баскан-турганын видеого тарттырып, кимдир бирөөлөрдү туурап жатканы күлкү келтирет экен. Мамлекеттик кызматкер мыйзамга жараша милдетин так аткарып, демилгелүү, ишбилги болушу шарт. Ал эми Жантаев акыр-чикирге барганынан бери жарнамалап, кимге көрүнгүсү келип жүрөт? Оозунан чыккан сөздөрү деле анчалык маанилүү эмес, ишенимсиз го? Мындай пиарщик жетекчилердин күлү бир жерге додо болбосу айкын. Азырынча жакын тууганы Каныбек Туманбаевдин аркасынан Балыкчы шаарын башкарып атса, а эртеңки күнү кантет? Кылган иштери үчүн жооп берип калбайбы? Жергиликтүү тургундардын айтымында, Баатырбек Жантаев деле көпкө узабасы, чалынып жыгылары боюнча болжонууда. Билимдүү, тажрыйбалуу адистер көмүскөдө калышып, туугандашуу, “кол ийрисине тартуу” менен кадр саясаты көркүнө чыкпайт да! Татыктууларды качан тандайбыз?
"Азия Ньюс" гезити











