Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясатчы Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты

27-декабрь, 17:06
1 195 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 27-декабрда саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Жээнбеков видео кайрылуу жасап, жаңы күчүнө кирген кодекстин негизинде эркиндикке чыкканын билдирди. Жактоочу Замир Жоошев 22-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узартпаганын билдирген. Мындай чечим жаңы күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.

«Соттун мындай чечимине Равшан Жээнбековдун бир жылдан ашык абакта отурганы, айыпталуучулардын айрымдары бир жылдан ашык убакыт үй камагында болгону себеп болгон. Жаңы Жазык-процесстик кодекс бул бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга тыюу салат» деп билдирген жактоочу.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталып, август айында экинчи жолу камакка алынган. Ал быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер