Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Кыргызстанда дартка чалдыккан он адам оор абалда
Кыргызстанда дартка чалдыккан он адам оор абалда
09-апрель, 14:14

9-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан адамдардын онунун абалы оор. Бул тууралуу 9-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус жуккан 246 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 10 адам оор абалда. Онунун бешөө реанимацияда.
Ооруга чалдыккандардын 30у 15 жашка чыга элек, арасында бирге толо элек бир наристе бар.
16-19 жаштагылар 11 адам, 20 жаштан 35 жашка чейинкилер 71 киши. 35 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар 101 бейтап. Ал эми 55 жаштан улуулар 67 адам.