Башкаларга жасалган камкордук Бакыт Жетигеновду кыйгап өттү

Жогорку Кеңештин атайын түзүлгөн комиссиясы Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат беришкен жок. Булар Кумтөр ишинин алкагында камалышкан эле. Эки дупутаттын Конституциядагы ыйгарым укуктары бузулганы боюнча да корутунду келтирилип, колдоого алынды. Мунун өзү көшөгө артынан бычылып, коомчулукка депутаттардын коргоосу аркылуу көрсөтүлүп, натыйжада, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун эркиндикке чыгары каңкууланды. Эмне үчүн дал ушундай мүмкүнчүлүк, мыйзамдуу вазыйпа камактагы Бакыт Жетигеновго колдонулбай калды? Бул дагы депутат эмеспи. Күн тартибинде саясатчыларды камактан чыгаруу маселеси бышып жетилип жатса, баарына тегиз карап, адилеттүү таризде мамиле кылышса болбойбу? Эртең Бакыт Жетигеновго карата бийликти күчкө салуу, басып алуу айыптоолору далилденбей калса кандай кылабыз?..
"Азия Ньюс" гезити