Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кууланган Акылбек Жапаровдун купуя пландары бар беле?

Кууланган Акылбек Жапаровдун купуя пландары бар беле?

06-декабрь, 17:52
1 317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-ноябрда кечки 22:00дө маалымат жыйынын өткөрмөк, бирок, белгисиз себептерден болбой калган. Ага чейин БШК мүчүлүштүк кетирип, баардык партияларга берилген добуштардын санын төмөндөтүп алганына күбөбүз. Бул көрүнүшкө ар кандай себептер болжонуп, бийлик-оппозициянын ортосунда кайым айтышуу, тирешүүлөр токтобой келет. Эл ичинде түрдүү жоромолдор да орун алды. Мындай шартта министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын башчысы Акылбек Жапаров башын коңулга катпай, аргументтүү сөздөрүн айтпайт беле? Же кууландыбы? Каршылык көрсөткөн саясый күчтөргө жаман көрүнгүсү келбесе керек. Балким купуя пландары барбы? 

Ал эми президент Садыр Жапаров өлкөдөгү кырдаалга жараша түшүнбөстүктөрдүн алдын алып, интервью берип, кайрылуу жасап, андан тышкары Фейсбуктагы баракчасынан байма-бай жазып, ар кандай провокацияларга, коомчулукту адаштырууга жасалган аракеттерге жооп кылууда. Акылман элибиз туура кабылдаса керек...

Дал ушул жогорудагы эки мисалдан соң кимдин ким экенин бааланат да. Мамлекет үчүн иштебеген адамды талдап алса болот бекен?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер