Ректор Акымбек Абдыкалыковдун күмөндүү изи
Курманбек Бакиевдин убагында “кол ийрисине тартат” болуп, сузактык болгону үчүн Акымбек Абдыкалыков Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш универстетине ректор болуп дайындалган. Андан бери 16 жылдын жүзү болду. Бул университеттен коррупцияга шектелип кармалган фактылар болду. “Дипломдор миң доллардан жазылат экен, сессия 30-40 миң сомго бүтөт” деп угуп жатабыз, аныкталабы? Бирок, аларга ректор жооп бербей, өзүн периштедей эле таза ойлойт окшойт. Ошентип, Акымбек Абдыкалыков төртүнчү жолу ректор болуп шайланган. Кызык жери, 2021-жылдын 19-августунда шайлоо өткөрүлгөн, андан бир ай мурда, 19-июлда университеттин окутуучулар жамааты эмгек өргүүсүндө жүргөндө ректор кызматына конкурс жарыяланганбы? Шайлоо эмне үчүн мындай шашылыш өткөрүлгөн? Билим берүү жана илим министрлиги бул шайлоонун мыйзамдуулугун текшереби, же мурдуна бок сүйкөсө да билбей отура береби?
"Азия Ньюс" гезити