Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасы пайда болууда”

Дастан Бекешов: “Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасы пайда болууда”

13-октябрь, 11:48
1 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда “шайлоочулардын добушун сатып алуунун жаңы ыкмасы колдонулат” деген коркунуч бар. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди. Анын пикиринде, парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда айрым талапкерлер жана партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн.

“Биз “баары шайлоо фонду аркылуу накталай эмес төлөнсүн” деп мыйзамга киргиздик эле. Бирок ошол эле кезде добуш сатып алуу технологиясы да өзгөрүлүп жатат. Азыр кээ бир талапкерлер, партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алууга барганы жатышат. Балким, аймактарда андай болбойт, бирок Ошто, Бишкекте жаштар ичинде ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Борбордук шайлоо комиссиясы, Улуттук банк, финансылык чалгындоо кызматы ошол күндөрү, балким, бир эле электрондук капчыктан бештен жогору операция жасалса (мисалы, эки миң сомдон бирөөгө ыргытса), анда аларды көзөмөлгө алыш керек”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер