Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Аскарбек Жаныбеков элге иштейби, же жеке чарбасынын камын көрөбү?

Министр Аскарбек Жаныбеков элге иштейби, же жеке чарбасынын камын көрөбү?

03-сентябрь, 12:08
1 418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын айыл чарбасында эмгекке жарактуу элдин 40 пайызы иштешет, айыл чарба продуктулары өлкөнүн ИДПсынын 20 пайызын түзөт. Ушундай эң негизги министрлик статс-башкармалыктын ишин аткарып, “мынча жер айдалды, түкүнчө үрөн себилди, баланча түшүм жыйналды” деген сыяктуу маалыматтарды берип коюп, алакан жайып отурат. Агрардык өлкөнүнүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир программа иштелип чыга элек. Быйыл арпа, буудайдын гектарынан 12 центнерден араң түшүм жыйналган. “Бука канча литр сүт берет?” деп сураган мэрге окшоп, уй менен буканын айрымасын билбеген жети-өгүздүк жердешинин баласы, мугалим-юрист Нурлан Шериповду суу чарбасына жооптуу орун басар кылып алган министр Аскарбек Жаныбеков эми “гектарынан 40 центнерден түшүм бере турган үрөн себүү керек” деп дыйкандарга акыл үйрөтүп жатыптыр. Кыштын кыраан чилдесинде, 2-февралда министр болуп бекигенин Аскарбек Жаныбеков унутуп калганбы? Айдоо, себүү иштери баштала электе күздөгү түшүмдүн камын көрбөй эшек такалап жүрдүбү? Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу, 6,5 миллион элдин тагдыры мойнунда экенин билеби бул эргул? Же менчик фирмасы “Рейна-Кенчтеги” асыл тукум букаларынын, канаттуулар фабрикасындагы тоокторунун камын көрүп, пулун санап отура береби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер