Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ыйман Нуру”, диндешүү. Оронгон Динара Ашимова светтик өлкөбүзгө шек келтирдиби?

“Ыйман Нуру”, диндешүү. Оронгон Динара Ашимова светтик өлкөбүзгө шек келтирдиби?

10-январь, 09:30
1 738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балээнин башталганы ушулбу? “Ыйман Нуру” партиясынан Динара Ашимова парламенттен оронуп, жамынып, жок жосунду баштап, Кыргызстанды уят кылууга ашыктыбы? Биз светтик өлкөбүз! Дин саясаттан сырткары экени Конституцияда жазылган. Тилекке каршы, Динара Ашимова арабдардын идеологиясын таңуулап, кийингени, жүрүш-турушу менен мыйзамга шек келтирип, жаза басты го?! Тийешелүү органдар тыйып койбойбу? Акүйдүн төрүндө диний кийимди жарнамалап, акылдан сырт кете береби? Эркек-катыныңар аралашып, ыштан-дамбалдарыңарды жарнамалап, узун көйнөк кийишип, даават айтышса, улуттун келечегин кантебиз? Деги мамлекеттик саясат кайда баратат? Керемет жерибизди жоготууга, исламчылардын коктусуна айлантууга “Ыйман Нуру” партиясы из салабы? Эмитен тирукмуш көрүнүштөр коштолуп, жамына башташты, эртең кантебиз? Албетте, биз күйгөнүбүздөн коңгуроо кагып атабыз! Президенттик администрация мыйзамдын алкагында жол көрсөтпөсө, келечегибиз кандай туманда адашарыбызды элестетип көргүлө... 

Баса, Динара Ашимованын соцтармакта алдамчы катары айыпталып атканы кандайБул боюнча кызыгып көрмөкчүбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер