Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөмдү кое бер” деп ымыркайы менен босогомдо ыйлап турду

“Күйөөмдү кое бер” деп ымыркайы менен босогомдо ыйлап турду

05-август, 13:30
3 404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө бир жылга жакындады. Аны аябай жакшы көрүп, экөөбүздүн келечегибизди бирге элестетчүмүн. Бирок, негедир ал соцтармактарга сүрөттөрүбүздү койгонду жактырчу эмес. Таптакыр каршы эле. Мамилебиз деле сонун. Курактарыбыз деле келип калды... Бирок, үйлөнүү тууралуу ооз ачпаганы таңгалдырчу. 

Бүгүн ошол түйүндүн жиби чечилди. Эшик тыкылдаганынан ачсам, жоолук оронгон, бала көтөргөн таныкай келин босогомдо туруптур. Ал менин жигитим Максаттын жубайы экен. Биздин мамилебизди билип калып, сураштырып жүрүп таап келиптир. Беттен алып кыйкырган жок. Бирок, мен Максаттан кол үзүшүмдү суранып, колундагы нике шакегин, ымыркайын көрсөтүп, боздоп ыйлады. 

Өзүмдү күнөөлүү, жеңил ойлуу кыздай сезип, келиндин алдында бир топ оңтойсуз болдум. Жакшы сөзүмдү айтып, аны узаттым. Бул да бир тагдыр соккусу болду. Телефон номеримди, жашаган жеримди алмаштырып, Кудай алдында кетирген күнөөм үчүн кечирим сурап, мени алдап жүргөн жигитиме ыйман тилеп боздоп отурдум...

 Нурзат

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер