“Кадр саясатында өзгөрүү жок, баягы эле тааныш-билиш, тууганчылык өкүм сүрүүдө”
“Бийликтин кадр саясатына сын-пикирлер көп айтылууда. Бул жааттан ийгиликтүү өзгөрүүгө барса болобу? Кандай сунушуңуз бар?” деген собол таштадык. Биздин ар кыл эксперттерибиздин жообу да ар башкача болду.
Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:
-- Биздин өлкөбүздө президенттик башкаруу официалдуу түрдө акырындап ишке киришүүдө. Учурдун талабы – экономика! Президентибиздин командасынын арасынан белдүү экономист-практик, кесипкөй адис адамды азырынча көрө албадым... Жылдап созулган пандемиянын да вакцинасы табылып, акырындап эмделүүдө... Баткен чек арасына байланыштуу согуш да Кудайга шүгүр, токтоп, абал турукташа баштады. Азыр саясатты сайрабаган, элди алдыдагы ачарчылыктан арачалай ала турган, жалаң кесипкөй экономисттерден түзүлгөн күчтүү команда керек. Өлкөбүздүн келечеги – жаңычыл, тажрыйбалуу, прогрессивдүү жаратмандарда экенин президент эске алса деген тилек айткым келет!
Кубатбек Кожоналиев, коомдук ишмер:
-- Буга чейинки кадр саясаты жөнүндө алгылыктуу иштерди айтууга ооз барбайт. Эски бийликтин инерция толкуну менен келаткандай түр калтырып келди. Баягы эле тааныш-билиш, ага-тууган, жек-жаат доминировать этип аткан сыяктуу. Буюрса, Конституцияга кол коюлат, анан кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Анткени, президент толук кандуу өзүнө ыйгарымдуу бийлик бутактарын мыйзамдуу түрдө колуна алгандан кийин баштайм (!) деп аткандыр. Эгер андай болсо, ал жагын да көрө жатарбыз. Буга чейинки кадрлардын дараметин, ким кандай иштегенин азыркы абал ачык көрсөттү. «Бакылдаган эчкини суу кечкенде, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз» деген эле сөз сыңары болуп аткансыйт.
Клара Сооронкулова, коомдук ишмер:
-- Санариптештирүү жүрүп жаткандан кийин кадр саясатында да реформа болуш керек эле. Биринчиден, функционалдуу анализ кылуу зарыл. “Ким эмне кылып атат?” деген таризде. Жөн эле отургандардын 30 пайызын кыскартуу кажет. Кандай болгон күндө да мамлекеттин чыгымы үнөмдөлөт. Экинчиден, жетекчилерди дайындоодо мурунку жөндөм, билим жарабайт. Жаңы технологияларды билген, жаңыча башкарууну көздөгөн, элдер менен заманбап иш алпара алган адамдарды тартыш керек. Албетте, кадрларды тандоодо абдан чоң көйгөй бар. Компьютердик тестирлөөдөн өткөндөр кийинки тепкичте атайын куралган комиссиядан өтпөй калган учурлар болгон. Кептин баары ошол коррупциялашкан комиссияда жатат. Ошондуктан куралган комиссия ачык-айкын түрдө экзаменин өткөрүү керек. Дагы бир көйгөй, жанагы көчөдө бакырып жүргөндөргө көбүнчө басым кылып, ошолорду кызматка тартып атканы туура эмес. “Алардын колунан эмне келип, эмне иш кылат?” деген чоң суроо жаралып атат. Акыркы кезде “кеңешчи” деген патронаттык кызматтар көбөйдү. Ким каалаганын коё бермей. Ушул жагы да менимче туура эмес сыяктанып атканы байкалат. Бир сөз менен айтканда, патронаттык кызматтарды жоюп салса болмок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити