Күч органдарынын башчылары кашайышты! Курсан Асановдун рейтинги көтөрүлдү
Иш жүзүндө Курсан Асановдон Кой-Таш окуясы боюнча күч органдары эч кандай “илинчээк” табышпай, соттой алышпай, анан баласына, жубайына кысым көрсөтүп келишкени кайсы логикага сыят? Көп суроолор алдыда.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев майдаланып отурушуп, ушунчалык пастыкка түшүштүбү? “Жогору жакты өзүбүз жайгарабыз...” дешип эле билген намаздарын окушуп, мыйзамдын майрыгын көрсөтүшүп, көпчүлүктүн кыжырына тийе беришеби? Ал эми жаны ачыган генерал Асанов: “Мага эч нерсе кыла алышпайт! Козгогон иштеринде кана факты? Үй-бүлөгө асылгандары нааданчылык!” деп ачууланып атканын эшиттик. Ошентип, күч органдарынын башчылары сабатсыздыгын улантууда. Натыйжада, Курсан Асановдун рейтинги көтөрүлдү, чоң саясатчыга айлантып салышты...
Aryba.kg