Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Жумагазиев элдик губернатор катары бааланууда

Канат Жумагазиев элдик губернатор катары бааланууда

30-ноябрь, 19:32
761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин Сары Өзөн Чүйгө көп эле башчылар келишип, ар кандай деңгээлде иштеп кетишкен. Көпчүлүгүнүн атын эстей албайбыз. Аларга салыштырмалуу Канат Жумагазиевдин аракети, дымагы бар. Кыйын кезде кызматка келип, отуз жылдан ашык убакыттан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүүдө ырааттуу баратат. Биз учкай гана токтололу. 

Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиев башка кесиптештерине салыштырмалуу ат чабым алдыга кетип, ийгиликтүү иштеп жатат. Өндүрүштү өнүктүрүү, инвестиция тартуу, социалдык көйгөйлөрдү чечүү ж.б. көп түйшүктөрдү артынып, миллиондон ашык калкы бар өрөөндүн кем-карчын чечүү менен алектенүүдө. Эң маанилүү билим берүү, саламаттык сактоо тармактарына көңүл бөлүп, өсүп-өнүү машакатында жетишкендиктерди жаратууда. Курулуш иштерин жандандыруу, жумушсуздукту жоюу жагынан да жарытылуу жаңылыктарга күбө болуудабыз. Ошого катар Сары Өзөндөгү саясый туруктуулукка өзгөчө көңүл бөлүп, алдын ала арбын аракеттерди көргөнүн көпчүлүк билбесе керек. Эл ичинде жакырчылыктан, кымбатчылыктан кайыккан миңдеген тургундар кыйналып жашашууда. Алар Канат Жумагазиевден үмүт кылышып, жашоо акыры оңолоруна ишенип келишет. Анан калса, шайлоолордо, же кандайдыр бир бүйүр кызытчу окуяларда козголуп кете турган жаштарды, жоон топ активисттерди губернатор ичкериден көзөмөлдөп, тынчтыкты сактоого салым кошууда. Негизи Чүйдүн белдүү балдары, кайсы тармактагы кыйындар болбосун, Канат Жумагазиевди угушат, ишеним артышат. Каарманыбыз чыныгы лидер катары жалпы атмосфераны аныктап, талдап, көзөмөлдү кармап турганы ырас. Мына ушундай жетекчилерге шанс берилсе, колдоого алынса, келечекке кам көрүлөт, бийликтин аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзүлмөкчү. Аныгында, элдик губернатор катары коомчулукта Канат Жумагазиевдин атала баштаганы жөн жерден эмес. Кудай кут кылсын!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер