Азамат Токтоналиев: “Элдин коопсуздугу, мамлекеттин туруктуулугу үчүн тынымсыз иш-аракеттемин!”
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиевге бир катар суроолор менен кайрылып, маанилүү жоопторун алууга жетиштик. Албетте, көйгөй көп, бирок ошого жараша аракеттер да көрүлүүдө. Эмесе, окурман баа берсин!
-- Азамат мырза, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштегениңизге бир жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бул аралыкта жасаган орчундуу иштериңизге кыскача токтоло кетсеңиз?
-- Ооба, бул убакыттын ичинде ички иштер башкы башкармалыгы көптөгөн ар тараптуу ийгиликтерге жетишти. Бишкек шаарынын милициясынын негизги милдети – коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жашоочуларыбыздын мүлкүн коргоо болуп эсептелет. Ошол себептен, ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун жыл башында болуп өткөн ИИМдин коллегиясында өздүк курамдын алдына койгон 10 багыттан турган приоритеттүү тапшырмасын аткаруу боюнча 2024-жылы Бишкек шаарынын ИИББ тарабынан ийгиликтүү иш алып барылууда.
Кыргыз Республикасынын президентинин №370 жарлыгына ылайык, административдик аймактык реформа жүргүзүүдө Бишкек шаары үч эсеге кеңейип, аны менен бирге жарандардын да саны өстү. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттин туруктуулугун сактоодо, эл менен тыгыз кызматташууда, жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүүдө замандын талабына ылайык милициянын аймактык пункттарын ачууга жетиштик. Ошого катар Бишкек шаарынын ИИББнин демилгеси, ИИМдин жетекчилигинин колдоосу менен мурда жоюлган милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкун жандандыра алдык. Бүгүнкү күндө бул кызмат шаар аймагындагы коомдук жайларда жана көчөлөрдө толук кандуу иш алып барып жатышат.
Бишкек шаарынын Самойленко көчөсүндө Ленин РИИБнин №25 милициянын пункту курулуп, мурдагы «Лебединовка» муниципалдык аймактык башкармалыгынын имараты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин №6 шаардык милиция бөлүмүнө оңдоп-түзөөдөн кийин өткөрүлдү. Андан сырткары, Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо 10 автобус, 5 жаңы автоунаалар пайдаланууга берилди. ИИМдин “Динамо” стадионунун жана Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун имараты жайгашкан Фучик-Безымянная көчөсүндө, унаа өтүүчү жолунда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүүлөрдүн жыйынтыгында, Бишкек шаарынын ИИББнин райондук ички иштер башкармалыктарынын инфраструктуралары жакшыртылып, короолорун оңдоп-түзөө иштери каржыланды.
Корея Республикасынын элчиси менен жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, өздүк курамдын материалдык-техникалык камсыздалышын бекемдөө үчүн ИИМ менен Корея Республикасынын элчилигинин ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүп, аракеттенүү жөнүндө меморандумдун алкагында шаардын тартип сакчыларына үч даана “КИА” үлгүсүндөгү электромобилдери берилген.
“Asia Mall”, “Технопарк” соода оюн-зоок борборлорунун аймагына Бишкек шаарынын ИИББнин демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан заманбап милициянын аймактык пункттары ачылып, бүгүнкү күндө натыйжалуу иш-чаралар көрүлүүдө. Ошого катар Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата айлана-чɵйрɵнү жашылдандыруу, борборубузду көрктөндүрүү үчүн шаарыбыздын Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан муниципалдык жер тилкесине аллея курулуп, милиция кызматкерлерине жана шаар тургундарына аллеяда эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
-- Бишкек шаарынын коопсуздугу, тартиби мамлекеттин имиджине таасирин тийгизет эмеспи. Кылмыштуулуктун алдын алуу жагынан кандай иштер жасалууда?
-- Албетте, калаанын тынчтыгы үчүн милиция кызматкерлери берген анттарына бек турушуп, күнү-түнү иш алпарышууда. Негизги милдетибиз кылмыштуулукка каршы күрөшүү болгондуктан, бул багытта аёосуз алектенип жатабыз. Ошол себептен жаңы ачылган Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматы тарабынан күнү-түнү шаар ичинде профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Коомдук жайлар көзөмөлдө. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөрдө, имараттардын алдында видеокамералар орнотулуп, анын негизинде көптөгөн кылмыштар ачылууда. Уурдалган уюлдук аппараттарды табууда “Берекет-Гранд”, “Беш-Сары”, “Аламүдүн-Гранд”, “Айчүрөк” ж.б. соода борборлорунан сатып алуу жайлары аныкталып, аларды жоопкерчиликке тартуу иштери жүргүзүлүп жатат. Калаа тургундарына эскертүү иретинде ар кандай маанидеги видеороликтерди социалдык тармактарга жайылтып, алдын алуу иштери көрүлүүдө. Учурда коомдук транспорттордо видеокамералар орнотулуп, жүргүнчүлөргө эскертүү иретинде роликтер жаңыртылып берилди.
Өзгөчө көйгөй жараткан чөнтөк уурулуктун кескин түрдө азайганына коомдук маршруттук транспорттордун жоюлгандыгы да бирден-бир себеп. Андан сырткары, рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада, борбор калаада кылмыштуулуктун саны 50 пайызга кескин түрдө азайды. Ушул жылы эл аралык рейтингде Кыргызстан коопсуз өлкө катары олуттуу бурулуш жасады. 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 77-орунду ээлеп, өткөн жылга салыштырмалуу 24 баскычка көтөрүлдү. Белгилей кетсек, өткөн жылы 101-орунда турган. Убакыттын өтүшүнө карай Кыргызстан дүйнөдөгү коопсуз өлкөлөрдүн катарын толуктап, позициясын бекемдөөгө бет алды.
-- Жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын кароо боюнча да айтсаңыз?
-- Жарандардын арыз-даттанууларын, кайрылууларын кабыл алууда Бишкек шаарынын ИИББнин коомдук кабылдамасы алектенүүдө. Бул багытта иштөөнүн жолдорун жаңы нукка буруу максатында Бишкек шаарынын башкы башкармалыгына келген жарандарды эле кабыл албастан, заманга ылайык, алыскы региондордон да бизге түз чалууга жана видео аркылуу байланышууга шарт түзүлгөн. Ошондой эле электрондук дарекке да кат жазышса болот, бул дарек башкармалыктын сайтында көрсөтүлүп турат.
Арыздар өз учурунда катталып, кароо мөөнөтү аяктаган учурда кайрылган жаранга арыз-даттануунун чечими “Кыргызпочтасы” аркылуу жообу жөнөтүлүүдө. Андан сырткары, жарандарга сапаттуу тейлөө көрсөтүүдө Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарында милициянын көчмө кабылдамалары өз ишмердиктерин тынымсыз жүргүзүп келет. Алар аймактарга, башкача айтканда, жаңы кошулган алыскы конуштарга чыгып, жарандарды кабыл алып, келип түшкөн даттануу-кайрылуулар таризделип, тийешелүү жардамдар жеринде көрсөтүлүүдө. Түз байланыш үчүн телефон: 0998-10-21-51, guvdbishkek312@ gmail.com электронндук почтасы аркылуу...
-- Алдамчылык, уурулуктан жабыркаган жарандарыбыз көбөйдү. Кандай чечкиндүү аракеттер көрүлүүдө?
-- Бишкек милициясы алдамчылык, уурулук кылмыштары менен дайыма аёосуз күрөш жүргүзүп келебиз. Үстүбүздөгү жылы бул багытта иш-мерчемдер ырааттуу аткарылып, Бишкек шаарында былтыркы жылдарга салыштырмалуу кылмыштын катталуусу азайды. Жыйынтыгында, кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жогорку көрсөткүчтү берди.
Аймактык реформа жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, шаар үч эсе кеңейип, элдин саны көбөйгөндүгүнө карабастан, милиция кызматкерлеринин тынымсыз иш алып баруусунун негизинде кылмыштуулук 2500гө аз катталган. Уурулук, алдамчылык менен шугулдангандарга катуу көзөмөлдөгү иштер жүрүп жатат. Жарандардын тынч жашоосу үчүн күнү-түнү кызмат көрсөтүп келебиз.
-- Телефон аркылуу бейтааныш эле адамдарга алданышып, акчаларын алдыргандар арбын болсо керек...
-- Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы, «Коммерциялык банк Кыргызстан» МБанк тиркемеси, жана башка банктар менен биргеликте шылуундардын каржылык маалыматтарга кирүү аракетинин жаңы ыкмасы пайда болгондугу тууралуу шаар тургундарына, конокторуна ар дайым эскертип келебиз. Себеби, алдамчылар атайын кеңейтүү файлы менен "сүрөт" деген аталыштагы файлды мессенджерлер аркылуу жөнөтүшүп, "сүрөттөгү сенсиңби?" же "сизге бул сүрөттөгү адам таанышпы?" деген сөздөр камтылган болот. Бул көрүнүш кардарларга кызыктуу көрүнүп, бирок чындыгында зыяндуу программа орнотуу үчүн жасалган файл экендигин алданган жарандар билишпейт. Файлды ачкандан кийин вирус түзмөккө кирип кетип, эки факторлуу аутентификацияны да өтүп, жеке маалыматтарга, анын ичинде каржылык каражаттарына чейин сүңгүп, шылуундар жарандардын эсептериндеги акчаларды уурдашы мүмкүндүгү жаралууда. Мисалы, ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» МБанк тиркемесине байланыштуу аракеттер боюнча 1000ден ашык билдирүүлөр «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, текшерүүлөрдүн негизинде, көп сандаган кылмыш иши козголуп, жарандарга ыңгайсыз абал жаратып жаткандыгын дагы бир ирет эскертип кетет элем. Жогорудагы алдамчылыктын жаңы түрлөрү чет элдик жарандар аркылуу башка өлкөдө туруп эле жасалууда.
-- Жаңы заманбап кылмыштар менен кандай күрөшүп жатасыздар?
-- Азыркы күндө санариптик реалдуулук шартында эл аралык процесстерди башкаруу системалары, коопсуздук механизмдери натыйжасыз болуп калды, региондук жана глобалдык туруксуздук абдан көбөйдү. Виртуалдык тармак аркылуу тез байланышуу мүмкүнчүлүгү жаралгандыктан, адамзаттын ресурстук базасын, интеллектуалдык потенциалын калыптандырууга өбөлгө түздү. Анын жардамы менен улуттук, эл аралык, глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу башка деңгээлге чыкты. Бирок, бул ааламдашуунун адамдын ишмердүүлүгүнө жана анын коопсуздугуна тийгизген таасири азыркы күндө өтө актуалдуу маселеге айланууда. Ошол себептен, замандын талабына ылайык киберкоопсуздук коркунучтардын алдын алуу боюнча атайын бөлүмдөр түзүлүп, башка өлкөлөргө байланышып, эл аралык кылмыштуулук, терроризм, коррупция, ошого катар акчаны адалдоого каршы күрөшүүдө жаңы технологиялардын жардамы аркылуу тажрыйба алмашып, иш алып барып жатабыз.
-- Чет элдик жарандардын арбыганы, мигранттардын кайтканы менен ар кандай кылмыштуулуктар көбөйгөнүн байкап келебиз. Өткөн жаздагы пакистандыктар аралашкан окуя кайрадан кайталанып кетпейби?
-- Чет элдик жарандардын өлкөбүздө окуп, же кандайдыр бир бизнес, жеке иштер менен алек болуусу бизди кооптондурбайт. Себеби, алардын мамлекетке киришине, мыйзамдуу иш алып баруусуна, окуусу боюнча ар дайым көзөмөлдөп турабыз. Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан чет элдиктерге карата тийешелүү профилактикалык иштер уюуштурулууда. Ал эми жогорку окуу жайларда билим алып жаткан келгин студенттерге иш-мерчемдерге ылайык лекциялар окулуп, алдын алуу иштери жүрүп турат. Жыл башынан бери чет элдик жарандарга карата экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы лекциялар өткөрүлүп, видеороликтер тартылып, профилактикалык алдын алуу багытындагы буклеттер таратылды. Андан сырткары, мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу максатында Бишкек шаарынын аймагында рейддик иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө.
Натыйжадан алсак, ушул жылдын май айындагы чет элдик жарандар катышкан окуя кайрадан кайталанбайт. Ар бир келген жарандын тизмеси такталып, тийешелүү кызматтар көзөмөлдөп жатышат. Жогоруда айтылгандай, алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.
-- Жумушуңузга байланыштуу прессага, коомчулукка көп эле чыга бербейсиз. Элдин коопсуздугу, тартиби, жасаган ишиңиз боюнча айтып турбайсызбы?
-- Элдин коопсуздугу, жарандардын жана калаанын конокторунун тынч жашоосу, мамлекеттин туруктуулугу үчүн тынымсыз иш-аракеттемин! Азыр технологиянын өнүгүшүнө байланыштуу атуулдарыбыз ар кандай интернет сайттардан тийешелүү маалыматтарды алышууда. Алардын ичинде Бишкек шаарынын ИИББнин өздүк (Инстаграмм жана Фейсбук) баракчалары бар. Андан сырткары, «Бетме-Бет» гезити, «АКИпресс», «Кактус», «Кабар», «Борбор кж», «Борометр кж», «Кабарлар кж», «Спутник», «Булак кж», «К-news», «24.kg» жана башка маалымат агенттиктери, ошондой эле мамлекеттик жана жеке телеберүүлөр менен тыгыз кызматташабыз. Жалпыга маалымдоо каражаты – бул учурдун талабы. Себеби, элдин арасында болуп жаткан ар кандай олуттуу окуялар алар аркылуу элге жайылат. Милициянын ишмердүүлүгүн ЖМКга чагылдырууда басма сөз кызматы өзгөчө мааниге ээ. Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын ишмердиги тууралуу басма сөз кызматы тарабынан ЖМКларга борбор калаанын милициясынын күнүмдүк ишмердүүлүгү боюнча материалдар чагылдырылып, гезит беттерине макалалар жарыяланып келет.
-- Санарип багытындагы саамалыктарга да токтоло кетсеңиз?
-- Бишкек шаарыбыздын коопсуздугун алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жүзүнөн таануучу видеокамералар орнотулууда. Замандын талабына ылайык, видеокамералар жарандардын жай турмушу үчүн укук бузуулардын алдын алууда, кылмыштуулукка каршы ыкчам күрөшүүдө чоң мааниге ээ. Санарип тутумун ишке ашыруу боюнча “Коопсуз шаар” долбоору толук кандуу иштөө үчүн жетишерлик деңгээлде акча каражаты бөлүнүп берилген. Бишкек шаарынын аймагында 100дөн ашык муниципалдык билим берүү мектептеринде жалпы 200дөн ашык видеобайкоо камералары орнотулуп жатат. Дээрлик шаар алкагынан алсак, жүзүн таануу боюнча чоң соода-сатык борборлоруна, мечиттерге жалпы 60 видеокамера орнотулган. Ири соода борборлордун жетекчилери менен биргеликте замандын талабына ылайык коопсуздуктун алдын алуу багытында аракеттер көрүлүүдө. (“Дордой плаза”, “Аламүдүн” базары, “Космопарк” оюн-зоок борбору, ГУМ, “Вефа” борбору, мечиттер ж.б.)
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарынын милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууда заманбап планшеттер колдонууга берилген. Кызматтык ишмердүүлүгүндө кагаз жазмаларынан алыстап, технологиянын өнүгүшүнө байланыштуу маалымат топтоодо иш жүзүндө колдонуп келет. Ошондой эле милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо замандын талыбына ылайык төшкө тагылуучу боди-камералар менен камсыздалган. Боди-камералардын бүгүнкү күндө ролу чоң.
-- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча да айтсаңыз?
-- Бишкек ШИИББнин үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө эскертүүчү маалыматтык, социалдык жарнак жасалган, зомбулукка кабылгандар “102” кызматы аркылуу кайрылып келишет.
“Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аттуу форум өткөрүү учурунда дагы өзгөчө приоритеттүү багыт болуп, башка субъекттер менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу резолюциясында көрсөтүлүп, кабыл алынган. Коомдун аярлуу катмары болгон аялдар жана жаш балдар маселеси да катуу көзөмөлгө алынып, иштер жүргүзүлүүдө.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир фактысы катталып атат, бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө. Буга себеп катары шаардын карамагына жаңы конуштардын кошулушун айтып кетер элем. Ар бир факт боюнча коргоо ордерлери берилип, көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле көмүскөдө калып кеткен зөөкүрлүк фактыларды аныктоо боюнча да иштер ар дайым жүргүзүлүп келет.
-- Жаш өспүрүмдөргө кандай көңүл бурулууда?
-- Билим берүү окуу жайларында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү тарабынан лекция, семинарлар өткөрүлүүдө. Мектептерге байланыштуу опузалоо, коркутуу, өспүрүмдөргө карата жасап жаткан буллингдердин алдын алуу боюнча видео-тасмалар байма-бай чыгарылып, ЖМКлар аркылуу жайылтылган. Жаш өспүрүмдөрдү адеп-ахлак руханий байлыктарын жогорулатуу максатында, укук бузууларга аралашпоо, топтошуп урушуу фактыларын токтотуу, Бишкек шаардык ИИББнин коомдук коопсуздук кызматы жана КИБ менен биргеликте борборубуздун аймагында көзөмөлдөнүп, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын катышуусунда “Ынтымак” аталышындагы кичи-футбол турнири өткөрүлүп, ар дайым көңүл бурулуп келет.
-- Бишкек ШИИББнин кадр саясатында өзгөрүүлөр барбы?
-- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамына жана КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы “КР укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндөгү” №52 токтомунун талаптарын аткаруу максатында Бишкек шаары боюнча ИИОнун орто жана улук жетекчилик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү үчүн сынактар жарыяланып, иш алып барылат. Сынак өткөрүү тууралуу маалымат Бишкек шаарынын ИИББнин “Instagram” жана “Facebook” баракчаларында жайгаштырылган. Бишкек ШИИББнин кадрлар бөлүмү тарабынан жарандардын сынакка катышуу арыздары кабыл алынып, шаар боюнча кенже жетекчилик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү үчүн Бишкек шаардык ИИББнин буйруктарынын негизинде 7 жолу сынак өткөрүлгөн. Ал эми өздүк курамдын квалификациясын жогорулатууда кызматкерлер КР ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясында окуп келишет.
-- Өздүк курамдагы кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту, тартипти сактабагандар боюнча да айта кетсеңиз?
-- Ооба, Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын катарында кызматтын кызыкчылыгына жасаган чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомдун көз алдында милициянын кадыр-баркына шек келтиргендерден арылуу, тазалоого багытталган чечкиндүү аракеттерди ар дайым өзүбүз жүргүзүп келебиз.
Бишкек шаарынын ИИББнин, райондук ИИБнин кызматкерлерине кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактап, элге сылык мамиле кылууга өзгөчө көңүл бурулары эскертилет. Ар бир саптык тизмелерде, мыйзам окууларда туруктуу түрдө аталган багытында этикалык ченемдерди так сактоо, тарбиялоо иш-чаралары өткөрүлүп келет. Пара алуу, мас абалында автоунаа айдоо, ж.б. ИИОна аброюна шек келтирген окуяларга аралашып, милициянын атын булгоо деген учурларга бөгөт коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кадр бөлүмү, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте Бишкек шаарынын ИИОнын өздүк курамы арасындагы коррупциялык фактыларын болтурбоо, ар кандай кылмыштардын алдын алуу максатында керектүү иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте ар дайым өтөрүлүп келет.
-- Сиздин басып өткөн жолуңуз...
-- Кызматтык тажрыйбамды 2000-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде жаш өспүрүмдөр инспекциясынын аймактык тескөөчүсүнөн баштап, андан соң участкалык инспектор, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, улук өкүлү болуп кызмат өтөп келгем. 2007-жылдан тартып ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыш тобуна каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, улук өкүлү, 2011-2015-жылдары уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн башчысы кызматтарында, 2015-2016-жылдары Бишкек шаарынын ИИББнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы, 2016-2017-жылдары Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматында, 2017-2018-жылдары Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын орун басары, 2018-2022-жылдары кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын курамындагы башкармалыктардын орун басары, башчысы кызматтарында кызмат өтөгөм. 2022-2023-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин жетекчилигинде, 2023-жылдын февралынан тартып август айына чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп, андан соң 2023-жылдын 18-августунан бери Бишкек шаарынын ИИББнин начальниги кызматын аркалап жатам. Менин жашоодогу принцибим: “Ата мекенимдин алдында ак кызмат кылуу жана жан дилим менен иштөө”.
"Азия Ньюс" гезити