Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Сайкал Садыбакасова жигитин тааныштырып, жакындарына көргөздү. Ал жигит ким?
Сайкал Садыбакасова жигитин тааныштырып, жакындарына көргөздү. Ал жигит ким?
14-декабрь, 10:34


Жакында эле, 10-декабрда легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун учурдагы жетекчиси Сайкал Садыбакасова туулган күнүн жакындары менен биргеликте тосту.
Ырчы айымдын туулган күнүнө келген жакын курбуларынын бири стилист, визажист Айпери Эрматова кечеге ырчы айымдын сүйүктүү мырзасы дагы келгенин айтып, чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Бирок, сүрөттө ырчы Сайкалдын жигитинин бетин жаап койгон.
Айпери Эрматова: “Бүгүн аяшты көрүп аябай сүйүндүм, бактыңарга көз тийбесин бактылуу болгула. Сен татыктуусуң”, - деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Сайкал Садыбакасова 2017-жылдын 14-ноябрында журналист Максат Доврановго турмушка чыккан. Бирок, алар тез эле ажырашканын маалымдашкан.
Aryba.kg











