Анжелика: “Кыздарым атасынын болгон мээримин, сүйүүсүн, камкордугун көрүп чоңоюшун каалайм”
Ырчы Анжелика кыздары, кыздарынын атасы тууралуу социалдык тармакка ой бөлүштү.
“Акыркы окуяларга байланыштуу менин дарегиме көптөгөн сын-пикирлерди угуп жатам. Биринчиден, үй-бүлөдөгү болуп жаткан жагдайлар жумушка эч кандай таасир этпейт деп ойлойм. Экинчиден, менин дарегиме болгон бардык күмөн ойлорду жоюу максатында эмнеси болсо да баары бир комментарий берүүнү чечтим. Мен “ар бир ата-эне өзүнүн баласына бакыт тартуулап, толук кандуу үй-бүлөдө өсүшү керек” деген принцип менен чоңойдум. Тилекке каршы, жашоо ар бирибиз ойлогондой эле боло бербейт экен. Ата-энеси эки башка жолго түшүп болсо да, өз балдарын үй-бүлөлүк чыр-чатактан, кыйкырыктан, көз жаштан сактап калчу жолду тандадым. Мен кыздарыма бир гана бактылуулук каалайм, алардын атасы да ошону гана каалайт деп терең ишенем. Мен ал жөнүндө жаман сөз айтпайм, албетте, ал дагы кимдир бирөөлөр үчүн эң мыкты дос, тууган, ага, ини. Ал кыздарына эң мыкты, татыктуу ата бойдон калышына болгон күч-аракетимди жумшайм. Атасынын кыздары менен болгон мамилелерине мен эч качан тоскоолдук көрсөткөн эмесмин жана көрсөтпөйм дагы. Кыздарым атасынын болгон мээримин, сүйүүсүн, камкордугун көрүп чоңоюшун каалайм”.