Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Неля, ырчы: “Алдыда түбөлүк уйку күтүп турганы эсиңизде болсун!”

Неля, ырчы: “Алдыда түбөлүк уйку күтүп турганы эсиңизде болсун!”

23-февраль, 11:49
3 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Неля Нуркулова “Таалим” баракчасынан алып, күйөрмандарына кызыктуу пост бөлүштү. Ага төмөндө көз жүгүртсөңүз болот:

Үйүңүздө күлүп жүргөндү үйрөнүңүз.

Балдарыңызды көбүрөөк жакшы көрүңүз, кучактаңыз.

Өмүр керемет! Алдыга гана умтулуңуз.

Уйкум канбады” деп арызданбаңыз, алдыда түбөлүк уйку күтүп турганы эсиңизде болсун!

Бактылуу адам болгуңуз келсе, өткөндү аңтара бербеңиз.

Сөөгү жок балык болбогон сыяктуу, кемчилиги жок адам болбойт, эсиңизде болсун.

Баалай билбегенге бак конбойт, кубана билбегенге кут конбойт.

Кечээги күнгө өкүнүч менен, бүгүнкү күнгө максат менен, эртеңки күнгө ишенич менен кароо керек.

Алдыга максат коюңуз. Ошол максатка жетүү үчүн эринбей эмгектениңиз.

Үч нерсе кайтып келбейт: убакыт, сөз, мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, убакытты жоготпоңуз, абайлап сүйлөңүз, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Адам – өз оюнун жемиши. Эмне ойлосоң ошол болот.

Өмүр сүрүү – сизге берилген белек. А бактылуу болуу – сиздин тандооңуз.

Бактылуу өмүр жок – бактылуу күндөр гана бар.

Алга умтулуу – өмүрдөгү максатыңыз болсун.

Бакыт – бир күн сөзсүз келерин унутпаңыз.

Бактылуу болуңуз!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер