Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет Салиевдин кадры Эржигит Пасаңовго ИИМ кызыгып көрбөйбү?

Алмамбет Салиевдин кадры Эржигит Пасаңовго ИИМ кызыгып көрбөйбү?

10-май, 12:08
1 027 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл башчысы Эржигит Пасаңов жөнүндө жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы айтылууда. Өткөн айдагы Кемпир-Абадды сактап калууда карапайым эл көтөрүлгөнү эсибизде. Ошондо Пасаңов айылдаштарына какыс-кукус, үстөмдүк жасаганы эмнеси? Бул боюнча баа берилбей калыптыр. Же күч органдары атайын зордук-зомбулук көрсөтүү үчүн пайдаланышканбы?.. Эсиңерде болсо, беш жыл мурда Эржигит Пасаңовду ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары маалымат таратканы таңгалдырган. Эмне үчүн ушундай адам мамлекеттик кызматта отурат? Түшүнүксүз. Баса, билермандардын баамында, мурдагы бийликтин “серый кардиналы” Алмамбет Салиевдин өзүм билемдиги менен бул шектүү көтөрмөлөнүп, айыл өкмөт башычысы болгону кабарланды. Ар дайым ыплас иштерден аты угулган Алмамбеттин аңызы бүтпөйт экен да.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер