Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Ооруканада жаткандардын баарына көз тийген болуп калабы?”

Анжелика: “Ооруканада жаткандардын баарына көз тийген болуп калабы?”

12-февраль, 14:56
4 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Анжелика абалы тууралуу баракчасында бөлүштү.

"Биз катуу кырсыктап калганда, дал ушундай сүрөт алдында “биз үйдөбүз, Аллахка шүгүр, ден-соолугубузда жакшы жылыштар бар” деген постту баары күткөн. Өзгөчө чыныгы күйүп-бышкан жакындарым жана мени менен 24 саат чогуу болгон инста досторум.
Сыноо, кырсык айтып келбейт экен. Кандай, эмне болгонун жакында шашпай YouTube каналыман көрө аласыздар.
Эми сүрөттөрүңөрдү чыгарбагыла, көз тийди дегендерге айтарым, маңдайга жазган тагдырдан ким качып кутулду эле? Ооруканада жаткандардын баарына көз тийген болуп калабы? Албетте, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү, Жанталашкан жашоонун агымында байкабай сүйлөп, же кокустан бирөөлөрдүн көңүлүн оорутуп алат экенбиз. 
Чындык деп чыркырагандарым чычалагандай көрүнөт тура, токтоттум андай талантымды.
Майда-чүйдө сөздөргө ыйлап, дароо өзүмө кабыл алып
, кырылып жатып калмайларым дагы калды.
“Кудай өзүн сактай көр деп бүгүнкү күнгө чейин, Аллахтан суранып келем”. Жеке менин динге болгон көз карашым ал менин ичимде жана жүрөгүмдө көптөгөн эрежелер менен коштолот. Эл журтума пайдалуу гана нерселерди жасаганга убадамды берем.
Азыр менден эч бир нерсеге таң калуу дагы жок. “
Демек, ушундай болмок экен”, “Буйруса, баары жакшы болот“ дегенге гана өттүм".

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер