Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Египетте поезд аңтарылып, 11 адам каза болду

Египетте поезд аңтарылып, 11 адам каза болду

19-апрель, 11:50
745 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Египетте жүргүнчүлөрдү ташыган поезд кырсыкка кабылып, каза болгондордун саны 11ге, жаракат алгандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-апрелде орун алган. Поезд Мансур шаарынан борбор калаа Каир шаарына бара жаткан. Кальюбия провинциясына жеткенде рельстен чыгып кетип аңтарылып калган.

“Президент Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыктын келип чыгышын тез арада иликтеп, жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү тапшырмасын берди” деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер