Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Мамбеталиев: “Министр Алмазбек Бейшеналиевди чоң ийгиликтер күтүп алат”

Кубан Мамбеталиев: “Министр Алмазбек Бейшеналиевди чоң ийгиликтер күтүп алат”

16-октябрь, 16:58
1 010 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Билим берүү жана илим тармагына келген министр жөңүңдө.)

Бул жерге жаңы министр келди – Алмазбек Бейшеналиев. Муну тааныбаган журналист Бекбол Айдаров жаман кабыл алды. “Колунан эмне келмек эле, илимий чөйрө муну тааныбайт экен, бул Эрдогандын тизмесине “гюленчил” катары кириптир” деген күнөөлөр. “Чет тилди билген үчүн эле министр кылганы бул акылсыз иш” деп тыянак чыгарды.

Дипломат Бакыт Аркарбаев “террордук уюм деп табылган Гюлендин диний агымынын жетекчилеринин бири, Садыр Жапаров чоң жаңылыштык кетирди, эл аралык мамиле бузулат” деп, “Түркия бизге Бейшеналиевди министр кылганыбыз үчүн тескери бурулат” деп жыйынтыктады. Булар “фейктерди” окуп алып, жалган маалыматка таянып, сабатсыз пиардын жолуна түшүп кетип, мүдүрүлуштү (споткнулись). Конкреттүү фактыларды билишпейт экен. Ладно. Кулактарын түрүп алып, реалдуу малыматты менден угушсун. Читайте внимательно.

Алмазбек Бейшеналиев жергиликтүү “террорчулардын” жетекчиси эмес, себеби биздин жерде (Кыргызстанда) “террордук уюм” жок. Буга дагы бир себеп – Фетхуллах Гюлен дүйңөгө эң алдыңкы деңгелдеги мектептерди (кадимкидей эле школдор) таратты. Мектептер жергиликтүү мамлекеттин мыйзамы менен иштейт, ал жерде террордун “көлөкөсү” да жок. Мындай калптын казаны да жок, буга дүйнөдөгү бир дагы нормальный өлкө жол берген эмес. Россия менен Казахстан (бизге окшоп) Гюлендин мектептерин жабышпады. Жаппайт. Демек, Садыр Жапаров жаңы премьер-министр катары жаңылган жок, наоборот, эң жакшы чечим чыгарды.

Жаңы министр 39 жашта, Ат-Башынын кулуну, Себаттын мектебин бүткөн, анан Германиядагы (Штургарт шаарында) университеттен билим алган, андан кийин Вашингтондогу Джон Хопкинс университетинде илимий ишин жазган. Илимий жетекчиси Фредерик Старр (дүйңөлүк масшатбдагы саясаттын эксперти, Борбор Азия боюнча адис, 2017-жылы “Утраченное Просвещение. Золотой век Центральной Азии” деген китебин чыгарган, кыргыз тилине которулуп, Бишкектен презентациясы өтту). Алмаз өзү да белгилүү китептин автору – “Политика США в Центральной Азии и особенности сотрудничества с Кыргызстаном” (2019-жылы чыкты). Ушул китептерди журналист Бекбол билбесе, эми билет. Дипломат Бакыт муну билбесе, анда ал чалагайым адис (полу-дипломат). “Глупости” деген нерсени дипломат жазбаш керек. Гюлен менен Эрдогандын ортсундагы тарыхты жана

айырманы билиш керек, бул темага тиешелүү материалдарды издеп туруп окусун. Иначе “не компетентный” болот (профан деп аташат).

А.Бейшеналиевди Кыргызстандын илимий чөйрөсү очень даже жакшы билет, себеби тарых илиминин доктору деген дипломду биздин ВАКтан алган (Высшая Аттестационная Комиссия Кыргызстана). Илимдин толук кандуу докторун билбеген илимий чөйрө жок бизде. Америка менен Европага таанылган кыргыздын жаш илимпозун билбей эмне болуптур, макоолордун уюткусу беле? Журналист муну билбесе болуптур, эми билип алды, экинчи жолу чаңга чалынбайт.

“Чет тилин билсе эле кое береби?” деп чиренип койду Бекбол мырза. Чет тилди билүү дегенди бул түшүнбөйт экен да, чунак неме. Бир эле тилди билет деп жүрөт. Нет, ал үч тилди профессионалдык деңгелде билет (уровень свободного владения) – англис, немис жана түрк тилдери. Китептерин адегенде кыргызча жазат (негизги тили), анан өзү англисче, немисче, түркчө жана орусча которот. Вот такой уровень у министра.

Эми тажрыйбасын айтып берейин. Бишкектеги Ата Түрк-Ала Тоо университетинде проректор болуп иштеди, Польшадагы университетте да жетекчи болду, Американын Айова университетинде жана Джон Хопкинс университетинде англис тилинде лекциялык курстарды окуду. Кыргыз өкмөтүндө заведующий отделом науки и образования болуп иштеп чыкты.

39 жаштагы инсанга “это не слишком ли достаточно”. Разве билим менен илим тармагына бул жетишпейби, же ал жерге башка адис керек беле – илимий даражасы жок, чет тилдерди билеген, эне тилинде эптеп сүйлөгөн, диплом менен аттестаттарга жаызалган каталарды оңдой албаган, кыргыз мектептин окуу китептерин Арменияда жашаган авторго он эсе кымбат жаздырган министр керекпи?

Ушунун баарысын Садыр Жапаров чечим чыгарарда эсепке алып, эң татыктуу кадрды масштабдуу жана маанилүү тармакка жетекчи кылды. Ооба, ичи чыкпагандар бар, себеби бул чоң тармакта чоң азгыруулар, чоң кормушка жасай турган жылчыктар жатат. Ушуга жол бербей, честно жана смело иштесе, Алмазбек Бейшеналиевди чоң ийгиликтер күтүп алат. Анан, албетте, муну кызматка дайындаган премьер-министрге да ушул тармактын ийгилиги таасирин тийгизет. Ишеним менен үмүт бар.


Кубан Мамбеталиев, филология илимдеринин доктору

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер