Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Айгерим Расул кызы жана роза, розалар...
Айгерим Расул кызы жана роза, розалар...
05-декабрь, 13:16


Ырчы Айгерим Расул кызы «Роза, роза...» деп аталган жаңы ырына тартылган клибин күйөрмандарына сунуштады. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.
“Жаңы ырдын, клиптин премьерасы ktrkmuzyka каналында. Клипке салымын кошкон ар бир инсанга ыраазычылык билдирем!”,-деп жазды бул тууралуу ырчы айым.
Эскерте кетсек, ырдын сөзү, обону Расул Маматкуловго таандык. Клипти Эрнист Сыдыков, Эмирхан Ибраимов жана башкалар иштеп чыгышкан.











