Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өнөрлүү айымдар карантинде эмне менен алек болушту?

Өнөрлүү айымдар карантинде эмне менен алек болушту?

08-июнь, 01:57
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин редакция шоу-бизнестин казанын кайнатып, өздөрү кошо кайнап жүргөн белгилүү ырчы Самара Каримова, киноактриса Роза Азимбаева жана алпаруучу Айзада Жамгырчиевадан карантин учурунда эмне менен алек болгондоруна суроо салдык.


Самара Каримова, ырчы:

-- Карантин мага абдан жакты. Чындыгында баарыбыз жумуш менен алек болуп жүрүп, көпчүлүк учурда үйдөн тамак жебей калганбыз. Муну моюнга алуу керек. Үйдөн түрлөп тамак жасап, балдарым эмнени кааласа ошону бышырып берип, алар менен кошо окуп, окутуп, нагыз үй кожойкеси болгонго жакшы шарт түзүлдү. Мындан 1-2 жыл мурун кайнатылган кыям, салаттын ар кандай түрлөрү менен азыктанганга үлгүрдүк. Кадимкидей жууркан-төшөк көктөп, кээ бирлерин оңдоп-түзөдүм. Бир маал балдарым чачып салган үйдү жыйнап, ара-чолодо китеп окуп аттым. Үй-бүлөбүз бирге көрө турган көркөм тасмалардын катыгын бердик. Шакардай кайнаган убакыт бир аз токтоп калгандай болду. Бул да болсо адамзатка берилген Кудайдын сыноосу катары билдим.

Айзада Жамгырчиева, алпаруучу:

-- Быйылкы оор абалда, карантинде Талас жергесинин Кызыл-Октябрь айылында болдум. Өзүм карапайым айылдык кызмын. Үй турмушуна бышып жетилгем. Кыз кишинин убакыттын өтүшү менен өз айылына төркүн катары кабылдашканы мага жагымдуу болгонсуду. Айылыма көп деле каттачу эмес элем, бу жолу бир жарым айга жакын жүрдүм. Карантиндин жакшы жактары – ата-энемдин кашында болгонум деп эсептейм. Дал келүүчүлүкпү, же Кудай колдоппу, Таласта коронавирус илдети ушу кезге чейин каттала элек (катталбай эле койсун). Же “таластыктардын өпкөсү болбосо барып кереги не?” дештиби... Албетте, бул эми айтылып калган тамаша лакап. А чынында жергиликтүү бийлик өкмөттүн талабын эч кынтыксыз, так, даана аткарып, элибиз бүткүл эрежеге баш ийип, жапатырмак ынтымакта жашагандыктанбы, Кудайга шүгүрбүз. Мен ушуну туйдум. 

Роза Азимбаева, киноактирса:

-- Өзүңүз билсеңиз керек, жакында эле турмушка чыгып, өрүкзарлуу Баткенге келин болгом. Карантин учурунда жаңы келиндик доорду сүрдүм. Өмүрүмдө эч бир жолу жасабаган иштерди аткардым. Жоолукту башыма баткендиктерче чалып, билекти түрө камыр жууруп (болгондо да баткенче), тандырга нан жаап, эки бет кызыл, тер шоргологон, эч кимге билгизбей мурунду “шыр” тартып жумуш кылып аттым (күлүп). Андан сырткары, бул жакта элдин баары очокко тамак жасашат экен. Аны да чекесинен өздөштүрүп, самсысын самсыдай, ашын аштай басып, үйдөгүлөрдүн баарына жагып аттым. Карантинди жамандаганга ооз барбайт. Коронавирус илдети адамзатка чоң сыноо апкелди. Көпчүлүк адамдар өзүн “перезагрузка” кылып, жашоого болгон көз карашын өзгөрттү окшойт.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер