Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Манас" айтып үйлүү болсомбу?.." деген Шайыр Касымалиеванын видеосу талкуу жаратууда

"Манас" айтып үйлүү болсомбу?.." деген Шайыр Касымалиеванын видеосу талкуу жаратууда

06-декабрь, 18:52
3 235 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Манасчылар манас айтып батирлүү болушуптур. Мен дагы манас айтып үйлүү болсомбу?" деген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиеванын видеосу тарап, талкууга алынды. 
“Мен интернеттен бир жаңылыкты угуп алып, аябай таңгалып жатам. Манасчылар манас айтып батирлүү болушуптур. А мен болсо 30 жылдан ашуун театрда эмгек кылып, эми пенсияга чыгып, ай сайын элдин көйгөйүн чагылдырып, ошол көйгөйдөн кантип чыгып кетиш керек деген негизде сценарий жазып, андан тышкары, актёрдук чеберчилиги жагынан өсүп-өнүп, өнөрүн элге тартуулагысы келген окуучуларды тарбиялап, эмгектенип жүрүп дагы, ушул кезге чейин батирим жок. А манасчылар болсо манас айтып, эки бөлмөлүү батирлүү болушуптур. Мен ойлонуп жатам, быйылдан баштап кийинки жылга чейин манас айтууну үйрөнүп, эмдиги жылы манас айтып, үйлүү болсомбу деп” деп айтылат видеодо. Белгилей кетсек, Шайыр Касымалиева ушул жылдын октябрь айында театр менен коштошкон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер