Алтынбек Кыдыралиев: “Акындардын ырларын көркөм окуп, жандүйнөлөргө сиңирип жүрөбүз”
17-ноябрда Алтынбек Кыдыралиев менен Бердибек Жамгырчиев ыр жана поэзия сүйүүчүлөр үчүн “Жаштык музасы” аттуу театрлаштырылган концерт тартуулаганы турат. Арманда калбаңыздар!
-- Руханий азык ала турган силердикиндей концерт, кечелерге суусап турган эл жандүйнө үчүн кандай азык ала алат?
-- “Элге руханий азык ала турган концерт болот” деп даярданып жатабыз. Бул Бердибек экөөбүздүн алгачкы концертибиз. Буга чейин филормонияда “Элимден болсун ак бата” деген аталыштагы концерт бергем. Анда дагы көркөм поэзия жана Элмирбек Иманалиев агабыздын ырлары окулуп, сонун кече өткөн. Ошол себептен дагы күйөрмандар эстеп, “кайрадан ушундай концерт болсо” деп Фейсбук баракчаларда окулган ырларга кызыгуулары жаралды. Себеби, интернетте, коомдо негативдүү пикирлер көбөйүп, адам жандүйнөсү жакырланып бара жаткан сыяктуу ойлор көп болгондугуна байланыштуу элге азык бере турган ыр, обон тартуулайлы деп чечтик.
-- Поэзия окуган сонун өнөр ээсисиң. Адабиятка кандай жакындыгың бар? Кайсы акындарды баалайсың?
-- Негизи мен адабиятка бала кезимден эле жакынмын. Кыргыз тил, адабият сабактарына кызыгып, жакшы окугам. Кыргыз адабиятчыларынын жасаган эмгектеринин баарын окуп чыкпасам да көпчүлүгү менен таанышмын. Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Касым Тыныстанов, поэзиядагы Алыкул Осмонов, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов баштаган адабияттын алптарынан тартып, бүгүнкү акындар Зайырбек Ажыматов, Элмирбек Иманалиев, Алтынбек Исмаилов ж.б. акындардын ырларына чейин көркөм окуп, жандүйнөлөргө сиңирип жүрөбүз. Поэзияга жакынмын, бул акындардын баарынын ырларын сыйлап, урматтап окуйм.
-- Мыкты тамада, ырчы катары дагы билебиз. Кайсы өнөр жүрөккө жакын? Тамада катары издеген күйөрмандар көппү?
-- “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, эрке бала болуп тойлорду алып барып жүрөбүз. Чыгармачылыкты жерге таштабастан ырларды жаздырып, комузда, фольклордо да ырдап, ырчы катары дагы элге эмгегибизди арнап турабыз. Күйөрмандар тарабынан тойлорго да чакырыктар көп. Баардык өнөр жүрөгүмө жакын. Жүрөккө жакпаган нерсени аткара албайм.
-- Концерт тууралуу кененирээк айта кетсең?
-- Бердибек Жамгырчиевдин эң бир жакшы, жүрөккө жеткен ырларын Токтоболот Абдумомунов атындагы театрдын актёрлору окуйт. Концерттин режиссеру КР эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров. “Арашан” фольклордук ансамбли коштойт. Андан тышкары, сиздерди концертте күтө турган сюрприздер бар. Театрлаштырылган, өзөктүү, жандүйнөгө азык тартуулай турган жакшы концерт болот деген даярдыктабыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити