Газбүбү Турдубаева, этнодизайнер: “Жүрөгүндө сүйүү жок адам жаратман боло албайт”

Мыкты коллекциялардын жаратманы, колунан көөрү төгүлгөн уз, энелер көчүн улаган этнодизайнер Газбүбү Турдубаева менен маек курдук.
-- Өзүңүз да ажарлуу айым экенсиз. Дизайнерликке кандайча келип калдыңыз?
-- Өзүмдү дизайнер катары деле эсептебейм, чоң энем, апам уз, чебер болгон, жаш кезимден эле тиккенге, бычканга, килем сокконго көзүм канып чоңойдум. Лейлек районунун Көк-Таш айылынан болом. Айылда жашадык, 2007-жылы Бишкекке келип, ар кандай жумуш менен алектендим. Колум жөндөмдүү болгон үчүн эң биринчи эле “Кыял” элдик өнөрчүлөр бирикмесине бардым. Бат эле жумуш таптым. Көргөн буюмдар жөнөкөй жана оңой сезилди. Кийизден сумка тигип баштадым. Албетте, алгач бирөөлөргө маяна үчүн иштедим. Бара-бара өзүм кийиз сатып алып, жасай баштадым. Суроо-талап көп болгондуктан, изденип, курак кошуп тигүүгө кириштим. Андан ары чоң буюм жасоого аракет башталды. Уулума чапан тиктим. Аны көрүп заказым аябай көбөйдү. Ошентип бизнесим түптөлүп, ишкерлигим чоңойду. Тапшырыктар абдан көбөйүп, эл тааный баштады. Телевидение, радиого чакырып, гезиттер жаза баштады.
-- Чыгармачылыкта кандай багытка басым жасайсыз? Кандай коллекцияларыңыз бар?
-- Ушул күнгө чейин жалаң чапан шырып тиктим. Айымдар, мырзалар, балдар үчүн эмгектерим жаралды. Көйнөктү болсо ушул жылы коштум. “Айгүл гүлү” коллекциясын чапанга эмес көйнөккө түшүргүм келди. Себеби, жаз мезгили келе жаткан. "Турна" аттуу коллекциямды чапанга курак кылып коюп кооздодум. Эми дагы буюрса жаңы коллекция чыгарып жатам.
-- Мезгил, табигат, сүйүү мамилелеринин чыгармачылыкка таасири кандай?
-- Булардын чыгармачылыкка түздөн-түз таасири бар. Жүрөгүндө сүйүү жок инсан жаратман боло албайт, табияттын, жыл мезгилинин өзгөрүшү, сулуулугу – жаратуучу инсандын жандүйнөсү.
-- “Айгүл гүлү” коллекцияңызга да кеңири токтоло кетсеңиз?
-- "Айгүл гүлү" коллекциясы ушул жылдын 18-мартында өткөн “Burana fashion week” мода жумалыгынын 6-сезонунда подиумга чыкты. Көп ойлондум, бирок кыска убакытта жаралды. Былтыркы согуштан кийин аябай толгондум. Окко учкан 10 жаштагы Мадинага арналган башында күйүп турган айгүл гүлү картинасы түрткү болду. Көргөндө эле көз алдыма көйнөк көрүндү. Чапанга басым жасаганым үчүн ага чыгарууну ойлонуп атып, аягы көйнөккө токтолдум. Подиумга аз убакыт калганда жаралды, дагы да кооздогум келди, бирок убакыт аз болду.
-- Үй-бүлөңүзгө кызыккан окурмандар да бардыр...
-- Үй-бүлөм бар. Жолдошум экөөбүз 6 баланы тарбиялап келе жатабыз. Бир кыз, беш уулум, бир неберем чоңоюп атат...


