Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рысгүл Акимжанова: “Экотуризмди өнүктүрүү экономикага чоң стимул берет”

Рысгүл Акимжанова: “Экотуризмди өнүктүрүү экономикага чоң стимул берет”

23-январь, 14:03
4 129 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Инвестицияларды колдоо максатында өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, инвестициялык макулдашуунун босого чени 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшпөдүбү. Муну менен инвестор тартуу жагы канчалык деңгээлде жакшырат деп ойлойсуз?

-- Бизде бир рамкага баарын шыпырып киргизип койгон адат бар. Ар бир тармакты анализдеп, анан кийин ошого жараша ар кандай ченем коюлса болмок. Мисалы, инвестициялык ченемди түшүргөнү бул кен байлыктарга байланыштуу. Бирок, ага баардык тармак кирип кетип атпайбы. Жыйынтыгында, мындай чен менен ири долбоорлор жасалбайт. Демек, чоң-чоң заводфабрикалар курулбайт.

-Биздин өлкөнүн шартына ылайыкташсак, кайсы жаатта иш алып барууну арттыруу керек?

-- Тоолуу өлкө болгондуктан, туризм, экотуризм жана жемиш бактарын өстүрүү жакшы экономикалык стимул болмок. Ошондой эле өлкөбүз кичи ГЭСтерди курууга өтө ылайыктуу. Бизде мал чарбасын өнүктүрүү тууралуу көп айтылат. Бирок, бул тармак адам ыйлагыдай эле абалда. Малдын сапаты төмөн, породасы начар, тоюттардын, жайыттардын сапаты бузулган. Бирок, системдүү түрдө пландалса, аябай жакшы эле экономикалык өнүгүүгө жол ачылат.

-- Өкмөттүн экономиканы өнүктүрүү, бизнеске шарт түзүү багытында алып барып жаткан иштерине ишкер катары кандай баа бересиз? 

-- Терс. Негизи бизде мамлекет өзүнчө, эл өзүнчө жашайт. 

-- Жеке ишкерлик менен алектенем дегендерге сизден кеңеш?

-- “Малдан көрө аары баккыла” деп эле айтып келе жатам. Анткени анын потенциалы чоң. Биздин эл жер иштеткенди, мал бакканды билбейт. Ар бир ишти баштардан мурун, аны жакшылап изилдеп, үйрөнүү керектигин эске алышпайт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер