Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуриза Бектурова: “Алты жыл сүйлөшкөн жигитиме жакында турмушка чыгам”

Нуриза Бектурова: “Алты жыл сүйлөшкөн жигитиме жакында турмушка чыгам”

20-август, 09:00
1 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуриза, сени көп клиптерден, тасмалардан көрүп калабыз. Жаңылыктарыңан ой бөлүшсөң? Кандай чыгармачылык иштердин үстүндө алектенүүдөсүң?

-- Учурда деле чыгармачылык иштерим уланып келет. Элим менен бөлүшө турган жакшы жаңылык – жакында той болот. Үйгө жардам берип, тойго даярданып жүрөм.

-- Буга чейинки ийгиликтериңди айта кетсең?

-- Жашоодо көп нерсе көрдүм. Көп конкурстарга катыштым, курстарды окудум, жогорку билим алдым, кино, клиптерге тартылдым, ата-энеме жардам бердим. Көп максат-тилектерим орундалды. 

-- Жеке жашооң да көп жаштарды кызыктырса керек...

-- Жеке жашоомдо алты жыл сүйлөшкөн жигитиме жакында (бир айдан кийин) турмушка чыгам. Буюрса жаңы жашоонун босогосунда турам. Жаңы тасманын үстүндө да иштеп жаткан учурубуз. Жигитиме колуман келген колдоомду көргөзүп жатам. Актриса катары да тасмага тартылуунун үстүндөмүн. 

Алдыдагы пландарым: буюрса турмушка чыгып, жумушту да улантып, жакшы жар, эне болгум келет. Ошол эле убакта ата-энемди унутпай дайыма колдоо – 

менин тилегим. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер