Дүйнөнүн эң бай адамы деп Илон Маск аталды


АКШнын Forbes журналы долларлык миллиардерлердин кезектеги 36-дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Биринчи сапты экинчи орундан көтөрүлүп, биринчи жолу Илон Маск ээледи. Эки жыл мурун SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы болгону 31-орунда болчу.
SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Жефф Безосту алмаштырып, Forbes журналынын дүйнөдөгү эң бай адамдарынын тизмесин биринчи жолу ээледи. Жыл ичинде Масктын байлыгы 68 миллиард долларга көбөйүп, 219 миллиард долларга, Безостун байлыгы 6 миллиард долларга азайып, 171 миллиард долларга жеткен. Эки жыл мурун Илон Маск рейтингде болгону 31-орунда болчу. Үчүнчү орунда былтыркыдай эле, LVMH мода үйүнүн ээси Бернар Арно жана анын үй-бүлөсү Forbes байлыгын 158 миллиард долларга баалаган.
Бул жылы баардык миллиардерлердин жалпы байлыгы 12,7 триллион долларга жетип, былтыркыдан 0,4 триллион долларга азайган. Тизмеде эң көп катышуучулар АКШдан 735 адам, андан кийин Кытай (Гонконг жана Макао менен кошо) 607 адам. Россиядан келгендердин саны 83 адамды түзөт.
Өткөн жылы Tesla компаниясынын башчысы эки айдын ичинде электромобилдерди чыгаруучу ишкананын 16 миллиард доллардан ашык акциясын сатты, бул тарыхтагы жеке адамдан жылдык эң чоң салыкка алып келди. Бирок Маск үчүн бул чоң мааниге ээ эмес, акыркы бир жылда анын байлыгы 68 миллиард долларга өскөн.
Жефф Безос төрт жылдан бери биринчи жолу дүйнөдөгү эң бай адам болбой калды. Анын таза байлыгы бир жыл мурункуга караганда 6 миллиард долларга аз, анткени Amazon акциялары 3%га арзандаган. Июль айында башкы директор кызматынан кеткенден бери ал башка долбоорлорго өттү. Мисалы, Безостун коммерциялык космостук компаниясы Blue Origin аны өткөн жайда космоско жөнөткөн. Ал ошондой эле супер яхта сатып алып, көбүрөөк кайрымдуулук иштерин жасай баштаган, “Барак Обама” фонду сыяктуу уюмдарга жана экологиялык топторго 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











