Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туратбек Мадылбеков: “Он жылдан бери бийликке кылмышкерлер умтулууда”

Туратбек Мадылбеков: “Он жылдан бери бийликке кылмышкерлер умтулууда”

11-декабрь, 23:42
2 421 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

5-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу журналисттер алдында Кыргызстандагы кырдаалды мафия кинолору менен салыштырды. Ал эми 7-декабрда тышкы иштер министрлиги элчи Лунун айткандарында “ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым жасоонун элементтери бар” деген билдирүү таратты. 

-- Эл аралык нормаларда башка бир өлкөнүн өкүлү экинчи бир мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсүнө жол берилеби? 

-- Кайсы бир өлкөнүн ички саясатына бир дагы мамлекеттин элчилери же кандайдыр бир өкүлдөрү кийлишүүгө болбойт. Бул эл аралык карым-катнаштардагы нормаларга кирет. Ал эми Американын биздеги элчисинин кандайдыр бир фактылары болсо, ал өзүнүн каналдары аркылуу өлкө башчысына жана укук коргоо органдарына билдирсе болмок. Анын журналисттердин алдында тараткан маалыматын “ички саясатка түздөн-түз кийлигишүүсү” катары эсептейм. 

-- Эмне үчүн ал бул билдирүүнү таратты деп ойлойсуз? 

-- Дональд Лу бул билдирүүнү эмне себеп менен айтканын так билбейм. Бирок, элчинин айткандары укук коргоо органдарынын чабал ишин айгинелеп турат. Лу айтып жаткан нерселер менен укук коргоо органдары түздөн-түз иштөөгө милдеттүү да. Алар тескерисинче, коррупционерлер, уюшкан кылмыштуу топ менен чогуу иш жасап жүргөндөрү эл арасында айтылып эле жүрөт. Элчи айткандай сөздөргө жол бербеш үчүн профессионалдар кызмат кылышы керек эле. Бизде болсо 10 жылдан бери эле бийликке уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү умтулуп атышат. Алар ЖКда дагы жүрүштү. 

Мыйзамдар иштебегендиктен же алардагы мүчүлүштүктөрдөн улам, башка өлкөнүн өкүлдөрү ушинтип ички саясатка карата өз ойлорун билдире беришет. Экинчиден, анын айткандарын биздин бийликке карата коңгуроо катары түшүндүм. Эгер өз маселелерибизди убагында чечпесек, ири мамлекеттердин ички ишибизге кийлигишүүсү улана берет.

-- Буга чейин дагы ушундай кийлигишүүлөр болду беле?

-- Ооба. Бажыдагы көйгөйлөр тууралуу мындан 1-2 жыл мурда Казакстандын премьер-министри да айткан. Бул нерселер өкмөттүн айтылып жаткан проблемага көз жумуп коюшунан улам келип чыгып атат. Мындай билдирүүлөргө чекит коюш үчүн, ошол көйгөйлөрдү иликтеп, күнөөлүүлөргө чара көрүш керек да. 

Укук коргоо органдары журналисттик иликтөөлөргө карата эч бир жыйынтык чыгаруучу иш алып барган жок. Мунун айынан бир эле АКШ эмес, эртең башка бай мамлекеттер дагы үстөмдүк кыла бериши толук мүмкүн.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер