Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тайвань менен Кытайдын ортосунда кандай келишпестик болгон жана ага АКШнын кандай тийешеси бар?

Тайвань менен Кытайдын ортосунда кандай келишпестик болгон жана ага АКШнын кандай тийешеси бар?

03-август, 18:20
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытай Республикасынын (Тайвань) мамлекеттик суверенитетин 14 мамлекет тааныган. Ал эми Кытай аралды өзүнүн аймагы деп эсептейт.

Кытай жана Тайвандын ортосунда мезгил-мезгили менен жаңжал чыгып келген. Жаңжалдар ортодо жайгашкан аралдарды бөлүштүрүү учурунда жаралат. Мындай келишпестиктер 1954-1995-жылдар аралыгында болуп, эки тараптын ортосунда куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Ошол учурда Тайвань менен союздаш мамиледе болгон АКШ Кытайга каршы ядролук курал, учак, аскердик күчтөрү менен Тайванга болушуп турган. Ошентип Тайвань дайыма көз карандысыздыгы, демократия үчүн күрөшүп келет.

Нэнси Пелосинин сапары

Нэнси Пелоси Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган “Азия турнесин” баштаган. Кийин маалымат каражаттары анын Тайванга баруу ниети бар экенин маалымдашкан. Ал эми Пелоси өзү ал жакка баруу ниети бар же жоктугун тастыктаган эмес. Бирок, Пелоси так маалымат бере электе эле Кытайдын өкүлдөрү Пелосинин аралга сапары "Бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана ички саясатка кийлигишпөөнү талап кылган. КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Кытай менен Тайвань акыры биригерин, Кошмо Штаттар аралдын көз карандысыздыгы үчүн кандай гана аракет кылбасын, баары текке кетерин айтканын РИА Новости жазып чыкты. Бул сапар аскердик жаңжалга алып келиши мүмкүндүгүн, Кытай ага катуу жооп кайтарууга убада берген. Аскердик машыгуулар болот деп Тайванга аскердик техниканы алып келе баштаган. Ал эскертүүгө карабай, 2-август күнү кечинде Нэнси Пелоси Тайванга барды.

Ошондон кийин Кытайдын армиясы Тайванга жакын үч акваторияда машыгууларын баштаарын Global Times кабарлады. Ошондой эле Тайвань менен болгон импорт-экспорт алакасына чектөөлөрдү киргизип, бирок анын себеби башка экенин айткан. 

Кытай Тайванда жүрүп жаткан аскердик машыгуулардын кадрларын жарыялады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер